КМШда биринчи жолу Маңгыстау облусунда «Гео сейил бак» курулат

КМШда биринчи жолу Маңгыстау облусунда «Гео сейил бак» курулат

КМШда биринчи жолу Маңгыстау облусунда «Гео сейил бак» курулат. Азыр ЮНЕСКО адистери керектүү археологиялык жана табигый маалыматтардын талдамасын жасап жатат. Өлкөдөгү тарыхый–маданий эстеликтердин үчтөн бир бөлүгү ушул аймакта жайгашкан. Бул жерде 13 миң эстелик бар. Анын жыйырмага жакыны «Гео сейил бак» аркылуу ата мекендик жана чет өлкөлүк саякатчыларга тааныштырылат. Коноктор Маңгыстауда гана кездеше турган Султан  үпи, Шакпак ата сыяктуу жер алдындагы мечиттер, шаар сыяктуу чоң таштар, казуу жумуштары жүрүп жаткан байыркы шаарларды кыдырып, көрө алышат.

ГҮЛМИРА СҮЙЕУОВА, МАҢГЫСТАУ ОБЛУСТУК ТУРИЗМ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Ушул жерде ЮНЕСКОнун камкордугу менен гео сейил багы түзүлгөнүн угушса, туристтердин кызыгуусу жогорулайт. Бул казактын улуттук кол өнөр ишканаларын кайра өрчүтүп-өнүктүрүүгө дагы бир себеп болот.

«Өз жериңди таанып бил» жаңы демилгесинин алкагында мектеп туризмин кайра жаңыртуу көздөлгөн. Ушул багытта аймакта бир нече долбоор ишке ашырылат. Белгилүү археолог Андрей Астафьев билим башкармалыгы менен бирге археологиялык уюмдарды уюштуруу зарыл деп эсептейт.

АНДРЕЙ АСТАФЬЕВ, АРХЕОЛОГ:

- Бизге мектеп окуучулары байма-бай келип турушат. Алар беш күндө бирге жумуш кылышып, казуу иштеринен эң сонун таасир алышат. Талаалык шарттарда өмүр сүрүү, эмгек кылуу бардык балдарга кызык.

Быйыл Маңгыстау облусуна 200 миңдей саякатчы келген. Анын жарымы деңизге түшүп, кумдуу жээктерде эс алышкан. Ал эми 7 жылдан кийин Маңгыстау облусуна келе турган туристердин саны 750 миңге жетет деген үмүт бар. Алдыдагы жылдары чоң кемелер менен Каспийде саякат кылууга мүмкүнчүлүк жаралат.