Алина Соловьева: Сабак жүргүзүүнүн жаңы ыкмасы

Алина Соловьева: Сабак жүргүзүүнүн жаңы ыкмасы

Чымкентте биология сабагынын мугалими өлкөдөгү жалпы билим берген мектептерге окуу куралын жазып чыкты. Мугалим Алина Соловьева азыр балдарга билим берүүнүн жаңы усулун колдонуп жүрөт. Мугалим өзүнө берилген 45 мүнөттү окуучулар менен пайдалуу өткөрүүнү адатка айландырган. Ал ар бир сабагында жаңы усулдарды колдонот. Башкача айтканда, өзү изилдеп, көзү жеткен технологияны окуучуларына сунуштайт. Сунуштап эле койбостон, жеңил түрдө түшүндүрөт. Ал “Бүгүнкү күндүн балдарын эмне кызыктырат? Аларды сабакка жана окуу куралына тартуунун кандай жолдору бар?” деген суроолордун жообун тапкан инсан. Алинадан сабак алган бүтүрүүчүлөр ар түрдүү илимий  долбоорлор менен олимпиадалардан жеңиш менен кайтышат.

АКЕРКЕ БЕРЕКЕШЕВА, ОКУУЧУ:

- Алина Робертовнанын сабагы абдан кызыктуу. Ал сабак өткөндө бардык жактарды караштырат. Бардыгына терең маани берет. Тили да абдан жеңил. Анын китебин окуган кезде же анын сабагына кирген мезгилде биз биология дүйнөсүнө кирип кеткендей болобуз.

Мыкты мугалимдин жарык көргөн эмгектери көп. 2005-2008-жылдары илимий- практикалык эмгектери жыйнак болуп чыккан. 2004-жылдан бери мектеп китептерин чыгарган биримдиктин туруктуу автору, ал эми былтыркы жылдан баштап, орто билим берүү уюмдарында жаңыртылган мазмундагы биология сабагынын жалгыз автору.

АЛИНА СОЛОВЬЕВА, №1 А.ПУШКИН АТЫНДАГЫ МЕКТЕП- ГИМНАЗИЯСЫНЫН БИОЛОГИЯ САБАГЫНЫН МУГАЛИМИ:

- Алдыдагы планда жаңыртылган билим мазмунуна тиешелүү 11-класска арналган биология сабагынын китебин толук аяктоо турат. Андан кийин, шакирттеримди ар түрдүү жарыштарга даярдоону колго алам. Китеп менен алектенип жактаныма үч жыл болду. Чебер машыктыруучу болуудан алыстап кеттим.

Алина коомдук жумуштарга да жигердүү катышып келет. Бүгүнкү күндө Алина Соловьева – «Билим берүү ишинин мыкты кызматкери», «Жыл мугалими». Ошондой эле, анын Мамлекет башчысынан алган “Жигердүү Эмгеги үчүн” атагы аны бийик ашууларга жетелейт.