Аксу индустриалдык аймагындагы алгачкы ишкана

Аксу индустриалдык аймагындагы алгачкы ишкана

Павлодар облусунун Аксу индустриалдык аймагында өзгөчө өндүрүш ишке кошулду. Бул комплекс калдыктарды иштетет. Алардан таза металлургиялык концентрат алынат. Бир нече жыл ичинде 8 миллион тоннага жакын өнөр жай калдыктары чогулган. Комплекс ай сайын алардын 80 миң тоннасын кайра иштетүүгө жөндөмдүү. Технология калдыктан феррохром, ал эми иштетилген чийки заттан курулуш жана отко чыдамдуу суюктук, шагыл  менен кум алат. Алдыдагы убакытта калдыктарды иштетүү көлөмүн бир нече эсеге жогорулатуу көздөлүүдө.

СТАНИСЛАВ ГОЛОВИН, КАЛДЫКТАРДЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮ КОМПЛЕКСИНИН МҮДҮРҮ:

- Өндүрүштүн экинчи мезгили бул көлөмдү 120 миң тоннага чейин арттырууга жол ачат. Ошондуктан аны 2019-жылдын аягында ишке кошуу көздөлүүдө. Өндүрүштүн 3-этабы да болот. Ал кезде биз калдыктарды иштетүү көлөмүн ай сайын 160 миң тоннага жеткизебиз.

Иштетүүнүн инновациялык усулунун аркасында комплекс жыл бою иштей алат. Аба ырайы таасир бербейт. Өндүрүштүн бардык технологиясы автоматташтырылган. Ал эми чыгарыла турган өнүм негизинен экспортко жөнөтүлөт. Аксу индустриалдык аймагынын ээлеп жаткан аймагы 140 гектардан ашат.

БАЛГАБАЙ ЫБЫРАЕВ, АКСУ ШААРЫНЫН АКИМИ:

- Бул жерде кайра иштетүү жана өндүрүш менен алектене турган көптөгөн цехтер болот деп ойлойм. Жашылча сактоо кампалары, күнөскана сыяктуу жайлар керек.

Индустриалдык аймакка түтүк желелери менен суу өткөрүлгөн. Бардык кызмат арзандатылган тариф боюнча ишке ашырылат. Бул албетте, инвесторлор үчүн абдан маанилүү. Алар бул жерде аз энергия жумшалган өндүрүштөрдү ишке ашырууга кызыктар.