1997-жылы бештин айынын онунда Казакстандын борбору Алматыдан Акмолага расмий түрдө көчүрүлгөн

1997-жылы бештин айынын онунда Казакстандын борбору Алматыдан Акмолага расмий түрдө көчүрүлгөн

Өлкөнүн негизги экономикалык борборлоруна жакын, географиялык жайгашуусу пайдалуу, демографиялык мүмкүнчүлүгү жогору жана ыңгайлуу курчаган чөйрөсү бар. Мындан туура 21 жыл мурда өлкөнүн жаңы борбору ушундай талаптар менен тандалган. 1997-жылы бештин айынын онунда Казакстандын борбору Алматыдан Акмолага расмий түрдө көчүрүлгөн.

ЖАНДАРБЕК МАЛИБЕКОВ, АРХИТЕКТОР:

- Азыркы дүйнө жүзүндө курулуп жаткан шаарлардын өзгөчөлүгү эмнеде? Биринчиден, ушундай тегиз жерге, өтө суук, чукул- континенталдык аймакка шаардын курулушу чоң жаңылык болду деп айтсак болот. Анткени бизде архитектурада симбиоз жана метаболизм деген түшүнүк бар. Ал деген табият менен айкалышты табуу, табият менен байланыштуу шаар куруу.

Ошондуктан өз убагында Астана шаарынын курулушуна табият менен шаар симбиозу деген идея берилген. 21 жыл өтсө да борбордо жыл сайын бир нече имарат менен турак жайлар курулууда. Алдыдагы убакытта оң жээкти жаңыртуу көздөлүп жатат.

АРСЕНИЙ ПИРОЖКОВ, «АСТАНА БАШКЫ МЕРЧЕМ ГЗЖИ» БАШКЫ АРХИТЕКТОРУ:

- Мисалы, Ханчатыр соода борборунун аркы жагы Нуржол негизги жолунун уландысы болот. Бул аймакта ири объекттер, турак жайлар салынат. Ал эми Жаңы Нурлуу жол бекетинин аймагына карай Миң жылдык аллея салынат, азыр инвесторлор менен иштер жүрүп жатат.

Астана -  келечектин шаары. Бүгүнкү күндө Астана алдына чоң максаттарды коюп, дүйнөдөгү эң мыкты борборлордун бири болуп аталууга умтулуп келет.