Назарбаев Университетинин китепканасында үзгүлтүксүз иштей турган жаңы зал ачылды

Назарбаев Университетинин китепканасында үзгүлтүксүз иштей турган жаңы зал ачылды

24 саат, жумасына 7 күн. Назарбаев Университетинин китепканасында үзгүлтүксүз иштей турган жаңы зал ачылды. Жалпы аймагы 10 миң чарчы метрди түзгөн  окуу залында билим кенин казып, таалим алууга талпынгандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ошондой эле, бул жерде жаңы компьютердик жана мультимедиялык залдар, топтук жана жеке сабактарды өткөрүүгө арналган класстар, инклюзивдүү билим берүүнүн курал-жабдыктары, отурум залы жайгашкан. Пайдалануучулар үчүн керектүү аудио жана видео студия, эс алуу жана балдар бөлмөсү дагы бар. Китеп үйүнө күнү-түнү кирүү мүмкүнчүлүгү Казакстанда биринчи жолу түзүлүп жатат. Долбоордун авторлорунун айтымында, бул долбоор ийгиликтүү демилге. Алар күнү-түнү окуу залынын кызматынан пайдаланган натыйжаларды жакынкы арада жарыя кылышат.

АСЕМГҮЛ ТЕМИРХАНОВА, НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН КИТЕПКАНАСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Азыр биздин фондубузда 200 миңге жакын басманын көчүрмөсү бар. Мындан башка, электрондук жазмалар, электрондук китептер, масштабдуу маалыматтар базасы бар. Аны менен бирге, университеттин өз жумуштары, диссертациялары, тезистери, макалалар жүктөлгөн жеке репозиторийибиз бар экенин айта кетүү керек. Ошондуктан электрондук формат боюнча окурмандарга сунуштай турганыбыз мол.