«Эгемендүүлүк доору» немис тилинде жарык көрдү

«Эгемендүүлүк доору» немис тилинде жарык көрдү

Өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевдин «Эгемендүүлүк доору» китеби немис тилинде жарык көрдү. Казакстандын жаңы тарыхын баяндаган басылманын бет ачары Германиянын эң белгилүү Гумбольдт университетинде өттү. Биринчи нускалар өкмөт мүчөлөрүнө, Бундестаг депутаттарына, ишкерлерге, дипломаттарга жана жазуучуларга тапшырылды.

МАНФРЕД ГРУНД, БУНДЕСТАГ ДЕПУТАТЫ:

- 90-жылдардан кийин кыйын учур болду. Туура саясаттын аркасы менен Казакстан чоң ийгиликтерге жетти. Казакстан Европа менен Азиянын ишенимдүү өнөктөшүнө айланды. Бул китепте Казакстандын 30 жылдык тарыхы баяндалат. Ошондой эле өлкөнүн алдыдагы 50 жылына арналган мерчемдери камтылган.

МИХАЭЛЬ ГЛОС, ГЕРМАНИЯНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯ МИНИСТРИ:

- Китепти окуй элекмин, бирок Нурсултан Назарбаевди билгендиктен, ал абдан кызыктуу китеп экенине ишенем. Казакстанды бүткүл дүйнө сыйлайт. Мунун баары олуттуу саясаттын аркасы менен ишке ашып отурат. Нурсултан Назарбаев өлкөнү өнүктүрүү үчүн эбегейсиз эмгек кылды. Ал – бүгүнкү Казакстандын негиздөөчүсү.

Китепте Казакстандын көз карандысыздыкты алган мезгилден баштап бүгүнкү күнгө чейин жеткен ийгиликтери баяндалат. Борбор Азиянын лидерине айланган Казакстан дүйнөдө тынчтык менен туруктуулукту орнотуу жараянына алгылыктуу салым кошуп келет. Немис серепчилери президенттин китебине «Эгемендүү өлкөнүн энциклопедиясы» деген баа  беришти.

ҮМИТХАН МУҢАЛБАЕВА, КР УЛУТТУК АКАДЕМИЯЛЫК КИТЕПКАНАСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Өлкө башчыбыз ат көтөргүс эмгек  кылды. Китеп тарыхыбыздын ажырагыс бөлүгүн камтыйт, аны немис коому, немис окурмандары  билүүсү керек. Анткени аталган эмгекте көз карандасыздыгыбыздын 27 жылдык тарыхы жазылган.

«Эгемендүүлүк доору» буга чейин Москва менен Санкт-Петербургда тааныштырылган. Кийин Лондондо англис тилинде  жарык көрдү. Ал эми кийинки жылы Бразилияда 270 миллион адам колдонгон португал тилинде басылып чыгат деп көздөлүп жатат.