Эмгек рыногунун келечеги

Эмгек рыногунун келечеги

Санариптештирүү жараяны эмгек рыногуна алгылыктуу өзгөрүүлөрдү алып келет. Күндө кайталанган, тажатма жумуштар санариптик форматка өтөт. Башкача айтканда, эсепчи, юрист жана кассир сыяктуу кызматтар автоматташтырылат. Роботтор 2033-жылга чейин жумуш орундарынын 47 пайызына ээлик кылышат. Адам өмүрүндө аз дегенде 5-6 адистик өзгөрөт. Ал эми интеллектти талап кылган кызматтарга суроо-талап өсөт. Анткени роботтор азыр мындай кызматтарды алмаштыра албайт. Мисалы, жакынкы келечекте дүйнөгө жүздөгөн дасыккан дизайнерлер керек болот. Эмгек рыногун изилдеген адистер ушундай божомол жасап жатышат. Серепчилердин айтымында, дүйнөлүк өзгөрүштөргө жооп берүү үчүн  адамдарды рыноктордун талаптарына ыңгайлаштырып, жаңы билимдер берилүүгө тийиш.

ЖЕҢИСБЕК ДУЛАТОВ,  КР ЭМГЕК РЫНОГУН ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА КАЛКТЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАШЧЫСЫ:

- Адамдар жумушсуз калбайт. Аларды жаңы багыттар боюнча окутуудабыз. Бизге жумушсуз адамдардан сырткары, иштеп жаткан адамдар да кайрылып жатышат. Санариптешүү жараянынын алкагында эмгек рыногу чоң өзгөрүүлөргө учурайт. Ошондуктан адамдарды жаңы тармактарга ыңгайлаштырышыбыз керек.

АЛЕССАНДРО ГОЛИО, ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ, ЭМГЕК ЖАНА КООМДУК МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА ЭКӨУ МҮДҮРЛҮГҮ:

- Өзгөрүүлөр негизинен өндүрүштүк тармакта жүрөт. Ошентсе да, бул милдеттүү түрдө ошондой болот деген сөз эмес. Кызмат көрсөтүү тармагында жана башка тармактар жаңы технологияларды киргизип, санариптешүүгө кадам шилтеп жатат. Келечекте эмгек фонддорунун мобилдүүлүгү өсөт деп ойлойм.