Казакстан-Корея: Медицина тармагындагы өнөктөштүк

Казакстан-Корея: Медицина тармагындагы өнөктөштүк

Казакстан менен Корея саламаттыкты сактоо багыты боюнча кызматташтык аянтын кеңейтип жатат. Бул багытта тараптар өз ара технологиялык, методикалык жараяндардын айланасында тажрыйба алмашууга басым беришүүдө. Түштүк Корея клиникаларынын мыкты дарыгерлери жыл сайын Казакстанга келип турушат. Чет өлкөлүк адистер жергиликтүү өнөктөштөрүнө онкологиялык оору түрлөрүн дарылоо, өтө эффективдүү операция системалары менен дартты эрте аныктоого мүмкүнчүлүк бере турган алдыңкы диагностикалык технологияларды киргизүүгө жардамдашууда.

КИМ ДЭ СИК, КАЗАКСТАНДАГЫ ТҮШТҮК КОРЕЯ ЭЛЧИСИ:

- Бүгүнкү күндө республика медициналык кызмат көрсөтүү түрлөрүн, техникалык орнотмолордун сапатын жакшыртуу жана адистердин кесипкөй билим-жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелерин жигердүү түрдө чечип жатат. Акыркы кездери Кореяга барып дарыланган казакстандыктардын катары азайган. Алар көбүнчө өз өлкөсүндө дарыланууну каалашат.

Казакстанда 1995-жылдан бери кореялык «KOICA» эл аралык кызматташтык агенттигинин программасы ишке ашып келет. Анын алкагында акыркы 6 жылдын ичинде гана 100дөн ашуун ата мекендик дарыгер Кореяда билимин жогорулатып кайткан.

ГУЛЬДАНА САДЫКОВА, КАЗАКСТАНДАГЫ «KOICA» БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Жалпы, аталган программа боюнча 1500дөн ашуун адам окуп, билим-жөндөмдүүлүгүн жогорулатты. Анын ичинде болжол менен 50-60ы магистранттар менен докторанттар. Азыркы тапта көбү мамлекеттик тармакта иштеп жатышат. Ошондой эле, жеке тармактагы ар түрдүү багыттарда эмгектенишүүдө. Соода, экономика, унаа, инфраструктура, медицина сыяктуу ар түрдүү тармактарда да бар. «KOICA» окутуудан башка медициналык кызмат түрлөрүн сунуштайт.

Ли Сонгхун – гастроэнтеролог - эндоскопист. Казакстандык дарыгерлер менен тыгыз иштешип жатканына 4 жылдан ашкан. Чет өлкөлүк адис жергиликтүү өнөктөштөрү менен биргеликте диагностикалык  усулдарды түзүштү.

ЛИ СОНГХУН,  ГАСТРОЭНТЕРОЛОГ, ЭНДОСКОПИСТ / ТҮШТҮК КОРЕЯ:

- Мен тармак адиси катары өзүмдүн билип-үйрөнгөндөрүмдү казакстандык өнөктөштөрүм менен бөлүшөм. Анткени мен Казакстандагы ушул ооруканада жүргөн жалгыз түштүк корея өкүлүмүн. Мен кореялык клиникалардын медициналык технологияларын ушул жердеги ооруканаларга киргизүүгө жардам берем. Ошондой эле Кореяга барган сайын Казакстандагы медицина, саламаттыкты сактоо тармагы тууралуу айтып, өлкөнүн ийгиликтерин жайылтам.

Серепчилердин айтымында, Казакстан менен Кореянын саламаттыкты сактоо тармагындагы жалпы медициналык кызматтарына тиешелүү колго алынган биргелешкен долбоорлордун натыйжалары көңүл жылытат. Ошондуктан алдыдагы байланыш аянты дагы да кеңейет. Алдыдагы убакытта ай-ти багыт боюнча өнөктөштүк орнотулат.