Латвияда тогуз кумалак боюнча мелдеш өттү

Латвияда тогуз кумалак боюнча мелдеш өттү

Казактын улуттук салттуу тогуз кумалак оюну европалыктардын көңүлүн бурууда. Латвиянын Олайне шаарынын жашоочулары ушул оюн боюнча мелдештерге да катышып  жатышат. Аларга тогуз кумалактын миң жылдык тарыхынан сырткары, жеңишке жетүүнүн сырлары да тааныштырылды. Мындай жарышты жыл сайын өткөрүү көздөлүүдө.

 - Бизге тогуз кумалак оюнун көрсөтүштү. Адатта эки нерсени бир мезгилде эсте сактап калуу кыйын. Ал эми бул жерде он тогузун бирдей эсте сактап калуу керек.

Казактын улуттук акыл – ой оюну Германия, Чехия, Франция, Швейцария жана Колумбия өлкөлөрүндө белгилүү. Ал эми Казакстанда 200 миңден ашуун адам тогуз кумалак ойнойт. 2019-жылы Түркияда тогуз кумалак боюнча V Дүйнө чемпионаты өтөт.