Экстремизмдин алдын алуу

Жаштардын диний сабаттуулугу - экстремизмдин алдын алуудагы негизги фактор. Бул тууралуу “Жастар” илимий-изилдөө борборунда коомдук өнүктүрүүнүн вице-министри Берик Арындын жаш лидерлер менен болгон жолугушуусунда сөз болду. Катышуучулар ааламдык чакырыктарга туруштук берүү чаралары тууралуу талкуулашты. Ошондой эле, жолугушуунун алкагында диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш-чараларды жана кийинки кадамдарды белгилешти.

БЕРИК АРЫН, КР КООМДУК ӨНҮГҮҮНҮН ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Мен биз аткарып жаткан иш-чаралар тууралуу айтып өттүм. Ошондой эле, казакстандык ислам таануу мектеби долбоорун түзүү тууралуу белгиледим. Бул негизинен Казакстандын аймагында исламдын пайда болушун, жайылуу  тарыхын, өнүгүшүн окуп-билүүгө багытталган.

Жолугушуу Казакстан студенттер Альянсынын, Жаштар конгрессинин, улуттук ыктыярчылар желесинин жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн башын бириктирди. Эми алар өз аймактарында экстремизмдин алдын алуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

ЖАННА КАРИМОВА, “ЖАСТАР” ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Биздин негизги максат – жаштар менен сапаттуу иштерди камсыз кылуу. Ушул максатта мындай жолугушуулар абдан маанилүү. Серепчилик жолугушуулардын алкагында жаштар диний экстремизм менен терроризмдин алдын алуу боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, аталган тармакта кандай иштер жүрүп жаткандыгы тууралуу жоопторду ала алышат.

Эскерте кетсек, 2019-жыл Казакстанда жаштар жылы деп жарыяланган. Уюштуруучулардын айтымында, диний сабаттуулукту жогорулатуу жана экстремизмдин алдын алууга терең маани берилет.