Алматы – Шу жолунун экинчи тилкесинин курулушу

Алматы – Шу жолунун экинчи тилкесинин курулушу

Казакстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулата турган долбоорлор темир жол тармагында да аткарылууда. Алардын бири – Алматы – Шу жолунун экинчи тилкесинин курулушу. Анын жалпы узундугу 113 чакырым. Колдонууга берилгенине бир жыл болгон тилкенин өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү 4 эсе өскөн.

БАУЫРЖАН ОРЫНБАСАРОВ, ТЕМИР ЖОЛ ТАШУУ КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул аймактагы жалпы темир жолдун узундугу 126 чакырым. Жол бою толук электр жарыгы менен жабдыкталып, 13 темир жол көпүрөсү салынды. Ушуга кошо, темир жолду кесип өтө турган автоунааларга арналган өтмөктөрдүн ордуна атайын көпүрө салынды.

Азыр жаңы унаа өтмөгүнөн күнүнө 17 миң темир тулпар өтөт. Долбоордун өзгөчөлүгү анын санариптик программасы менен жабдыкталганында.

БАУЫРЖАН ОРЫНБАСАРОВ, ТЕМИР ЖОЛ ТАШУУ КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Темир жол ташууларынын сапаты менен ылдамдыгы өстү. Алматы-Шу аралыгындагы темир жол аркылуу өтө турган жүк поезддеринин убакыты эки эсеге кыскарды. Аны менен катар, Алматы жана Жамбыл облусунун аймагындагы темир жол бекеттеринин кызмат көрсөтүү деңгээли жогорулады.

Эскерте кетсек, Казакстанда «Санариптүү темир жол» программасы иштеп келет. Анын алкагында чыгашаларды оптималдаштыруу, ошондой эле, поезддерди башкаруу борбору менен санариптик системаларды киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Аны ишке ашыруу 115 миллиард теңгени түзөт.