Астана аба майданынын мүмкүнчүлүктөрү

Астана аба майданынын мүмкүнчүлүктөрү

Астана аба майданы Борбор Азиядагы эң ири унаа хабына айлануусу мүмкүн. Мындай пикирди эл аралык серепчилер билдиришүүдө. Жаңыдан ачылган терминал аба майдандын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга түрткү берет. Анын курулушу 2015-жылы ЕХРО эл аралык көргөзмөсүнө даярдык жумуштарынын алкагында башталган. Долбоор мамлекет эсебинен каржыланган. Жаңы терминалдын жалпы аймагы – 47 миң чарчы метр. Ал жерде эл аралык жүргүнчүлөр терминалы жана ВИП-терминалдар, ошондой эле, аба кемелеринин жаңы алты унаа туругу, автобус токтой турган төрт жай, элүү документ текшерүү кабинасы жана 27 каттоо орду жайгашкан.

КУАНДЫК РЫСПАЕВ «НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ ЭЛ АРАЛЫК АБА МАЙДАНЫ» АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Азыр биз 17 жана 27 эл аралык каттам боюнча кызмат көрсөтүп жатабыз. Жылдын башынан бери 4 миллион 200 миң жүргүнчүнү кабыл алдык. Бирок, келечекте бул көрсөткүчтү 8 миллионго чейин жеткирүүнү көздөп жатабыз.

Объект заманбап технологиялар менен жабдылган. Бул кызмат сапатын жогорулатып, авиациялык коопсуздукту күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Терминал менен анын айланасындагы аймакта 600дөн ашуун видео көзөмөлдөө камерасы орнотулган. Имараттын өзүндө рентген сканер менен радиациялык коопсуздукту көзөмөлдөө системасы да бар.

КУАНДЫК РЫСПАЕВ «НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ ЭЛ АРАЛЫК АБА МАЙДАНЫ» АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бизде жүргүнчүлөрдүн жүгүн текшерүүнүн жаңы заманбап системасы орнотулган. Ал адамдык фактордун таасирин азайтат. Азыр биздин саатына 1200 жүктү текшерүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар.

БЛИЦ

- Мурункуга караганда өзгөчө жана жакшы. Көптөгөн автоматтар менен кассалар коюлуп жатат. Азыр кезек дегенди билбейбиз. Мурда кезек көп болчу, азыр аз.

- Өтө ыңгайлуу. Ушундай аба майданы салынганына кубанычтамын.

Азыр бул жерде 500дөн ашуун адам иштейт. Жаңы аба багыттары да ачылууда. Адистердин айтымында, терминал эл аралык талаптарга ылайык салынган жана аба кемелеринин бардык түрлөрүн кабыл алып, кызмат көрсөтүүгө жөндөмдүү.