Заманбап акылуу унаа инфраструктурасын өнүктүрүү

Заманбап акылуу унаа инфраструктурасын өнүктүрүү

Казакстанда эл аралык стандарттарга ылайык заманбап акылуу унаа инфраструктура желеси калыптанууда. «Нурлуу жол» программасынын алкагында өлкөдө республикалык жана транзиттик мааниси бар жолдор салынып, кайра оңдоп-түзөөдөн өттү. Астананы башка аймактар менен байланыштыра турган ири долбоор жалпы узундугу 7 миң чакырымды түзгөн 11 жогорку ылдамдыктагы жол салууну көздөп жатат. Анын алкагында ишке кошулган объекттердин бири «Астана-Щучинск» багыты болду. Жакында борбордон Темиртауга чейинки аралык ишке кошулат. Бул Алматыга чейин жете турган «Борбор–Түштүк» инфраструктуралык долбоорунун бир бөлүгү.

НУРЖАН БЕКОВ, «КАЗАВТОЖОЛ» АК УК  БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Бүгүнкү күндө «Борбор – Түштүк» коридору боюнча иштер уланып жатат. Азыр Темиртау – Караганды тилкесиндеги 14 чакырымдык жолдун бир тилкесин бүтүрдүк. Ал негизинен 6 тилкеден турат. Кийинки жылы Астана-Караганды жолу толук салынып бүтөт. Ушуга кошо, кийинки жылдан баштап «Караганды – Балкаш», «Балкаш – Бурыл байтал» жана «Курты–Капчагай» багыттарындагы трассалар жаңыртылып баштайт. «Борбор–Түштүк» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан «Астана – Алматы» багытындагы жолдорду кайра оңдоо иштерин 2023-жылга чейин бүтүрүүнү көздөп жатабыз. Бул долбоордун баасы 105 миллиард теңгени түзүүдө.

Кийинки жылы Астана менен Темиртауны байланыштыра турган тилкени «Астана-Щучинск» трассасындагыдай акылуу системага өткөрүү көздөлгөн. Бүгүнкү күндө ушундай система дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндө киргизилген. Адистердин айтымында, өз чыгымын өзү актоого жөндөмдүү мындай жолдордун сапаты да өтө жогору.

ЗЕЙНЕЛГАБИДЕН СЕЙДАХМЕТОВ, «КАЗАВТОЖОЛ» АК УК БАШКЫ АДИСИ:

- Акылуу жолдон түшө турган каражаттын эсебинен биз бул жердеги бардык мерчемдүү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзө алабыз. Бул жол жээгинде унаа ээлерине көрсөтүлө турган кызматтар эл аралык стандарттарга ылайык болот. Коопсуздук маселесин да эске алдык.

Казакстанда автоунаа жолдорунун бирдиктүү жана каржылай эффективдүү инфраструктурасын калыптандыруу көздөлүүдө. Келечекте дагы 13 тилкени акылуу системага өткөрүү көздөлүп жатат. Бул тизмеге «Батыш Европа – Батыш Кытай», «Астана-Павлодар», «Астана-Костанай» багыттары кирет.