«Теңгеге 25 жыл» коллекциялык монеталары 2 күндө сатылып кетти

«Теңгеге 25 жыл» коллекциялык монеталары 2 күндө сатылып кетти

Улуттук банк чыгарган «Теңгеге 25 жыл» коллекциялык монеталары 2 күндө сатылып кетти. Алардын ичинде бил килограммдык күмүш монеталардын ар биринин баасы – 268 миң теңге, ал эми нускасы 200 даана болду. Ал «Эсте кала турган окуялар менен бир жолу төрөлчү адамдар» монеталар сериясы боюнча чыгарылды. Жалпы Казакстандын алгачкы күмүш монеталары 1995-жылы чыккан. Жыл сайын Улуттук банк жашоочулар жана нумизматтар үчүн бир нече коллекциялык монета сунуштайт. Алар негизинен күмүш менен алтындан жана мельхиордон жасалат. Бир канчасы далай эл аралык сынактарда байгеге ээ болгон. Башкы талап – монетанын дизайны менен сапаты. Бул жагынан казакстандык теңге сарайынын чыгармалары бир дагы өлкөдөн кем калбайт.

ВАЛЕРИЙ КИТИКОВ, НУМИЗМАТИКА ЖАНА БОНИСТИКА БОЮНЧА СЕРЕПЧИ:

- Баалуу таш орнотулган «Жолборс» монетасы Австралияда өткөн сынакта эки номинация боюнча мыкты деп табылган. Тантал орнотулган «Космос» сериясындагы монеталар Казакстандан башка жерде чыгарылбайт. Ошондой эле, «Көчмөндөрдүн алтыны» сериясындагы эмгектер бизде да, чет өлкөдө да жогорку суроо-талапка ээ. Күмүш монеталардын ичиндеги эң баалуусу – бир килограммдык «Көз карандысыздыкка 10 жыл» монетасы. 2001-жылы чыккан кезде анын баасы 47 миң теңге болгон. Азыр ал 20 миң АКШ долларынан ашып түшөт.

1993-жылдын жетинин айынын он бешинде өлкө аймагында соода-сатыктын жаңы куралы катары теңге колдонууга кирген. Ушул жылдардын ичинде казак акчасы бир нече эл аралык рынокто эң кооз, жогорку сапаттуу жана колдо жасоого оор деп таанылган. Ал эми жетинин айынын он беши Улуттук валюта күнү катары белгиленет.