Казакстандык дарыгерлер израилдик ооруканаларда байма-бай билимин жогорулатты

Казакстандык дарыгерлер израилдик ооруканаларда байма-бай билимин жогорулатты

Казакстан менен Израиль кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүдө. Ал бардык тармакты камтыйт. Тараптар медицина тармагындагы өнөктөштүктү да  бекемдешти. Казакстандык дарыгерлер израилдик ооруканаларда байма-бай билимин жогорулатып, өнөктөштөрү менен  тажрыйба алмашып, медицинадагы акыркы ийгиликтерден кабардар болушат.

ДУЛАТ КУАНЫШЕВ, ИЗРАИЛДЕГИ КАЗАКСТАН ЭЛЧИСИ:

- Бир жагынан ушул курстарды угуп, алардан өткөн адистер өз билимин тажрыйбалык жактан чыңдап, күндөлүктү кызматтары үчүн маанилүү усулдарды билип, өздөштүрүшкөнүн айтып жатышат. Ал эми экинчи жагынан, окутуучу өкүлдөр казакстандык угуучулардын кесипкөй даярдык даражасынын жогорку деңгээлде экенин айтышат.

Израилдик «Тез жардам» кызматынын адам өмүрүн сактоо тажрыйбасы өтө мол. Алгачкы жардам көрсөтүү курсунун алкагында 20 ашуун казакстандык адис даярдыктан өткөн. Алардын катарында тез жардам дарыгерлеринен башка кесиптердин өкүлдөрү да бар.

ГҮЛМИРА ҮЛМИСЕКОВА,  БАЛДАР НЕВРОЛОГУ:

- Биздин дарыгердик топ BLS, AСLS, PALS сыяктуу программалар боюнча тез жардам көрсөтүү курсун өтүү үчүн атайын Астана шаарынан келдик. Бул темалар дарыгерлер үчүн өтө маанилүү. Бул тажрыйба келечекте көптөгөн адамдын өмүрүн сактоого жардам берет.

ШАФИР БУТНЕР, ПАРАМЕДИКТЕР МЕКТЕБИНИН МҮДҮРҮ:

- Биздин максатыбыз бир – адам өмүрүн сактап калуу. Биз бардык билгендерибизди Казакстандык кесиптештерибиз менен бөлүшүүгө даярбыз. Алардын ушул жаңы билимди кабыл алууга кызыктар жана ынтызар болгону кубандырып жатат.

Белгилей кетсек, курска катышуучулардын бардыгына нускоочу сертификаттары тапшырылды. Алдыдагы убакытта алар израилдик усулдун негизинде Казакстандагы кеиптештерин окута алышат.