Казакстан-Жапония: Медициналык билим тармагындагы инновациялар

Казакстан-Жапония: Медициналык билим тармагындагы инновациялар

Медициналык билим тармагында дүйнөнүн алдыңкы илимий борборлору менен байланыштарды тереңдетүү. Семей ядролук медицина жана онкология борбору Жапониянын Нагасаки медициналык университети менен кызматташтык тууралуу келишимге кол койду. Анын алкагында эки тарап биргелешкен изилдөө долбоорлорун колго алып, академиялык жана билим багыттарындагы байланыштарын кеңейтет. Ошондой эле, онкологиялык ооруларды дарылоо тармагында инновациялык технологияларды киргизүүдө биргеликте жумуш кылуу да каралган. Документке Семейде «Медициналык билимди, илимди жана тажрыйбаны жаңыртуудагы инновациялык  усулдар» аттуу эл аралык конференцияда кол коюлду. Аталган иш-чарага дүйнөнүн 8 өлкөсүнөн 300дөн ашуун делегат катышты.

ЙОШИХИРО НОСО, ПРОФЕССОР / ЖАПОНИЯ:  

- Биз университет менен көптөн бери кызматташабыз. Биздин биргелешкен долбоорлорубуз абдан көп. Негизинен алар радиациялык коопсуздукка байланыштуу. Байма-бай тажрыйба алмашып турабыз. Казакстандын студенттери Жапонияга ар дайым барып турушат.

КУНО ЛЕМАН, ПРОФЕССОР / ШВЕЙЦАРИЯ:

- Мени сиздердеги тажрыйбалуу ядролук жана онкология борбору абдан таң калтырды. Швейцариянын бардык шаарларында бул жактагыдай медициналык жабдыктар боло бербейт.