Кайра жаңыртылган энергия булактарынын аукциондук соода-сатыгы

Кайра жаңыртылган энергия булактарынын аукциондук соода-сатыгы

Казакстанда кайра жанма энергия булактары долбоорлорун тандоо боюнча күзгү эл аралык аукциондук соода-сатык сессиясы аягына чыкты. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, альтернативалык энергетика тармагына жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлор кызыгуу артышууда. Соода-саттыкка 9 өлкөдөн 113 компания катышты. Алардын катарында Казакстан, Кытай, Орусия, Түркия, Франция, Италия жана Нидерланды бар. 30 женүүчү компаниянын 23 ата мекендик.

АНАТОЛИЙ ШКАРУПА, КР ЭНЕРГЕТИКА ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Суу жана шамал электр станциялары объекттери боюнча суроо-талап сунуш көлөмүнөн болжол менен 2 эсеге ашты. Аукциондук соодага катышуучулардын арасында күн электр станциялар долбоорун өнүктүрүүгө кызыккандардын катары калың. Бул багытта да суроо-талап сунуш көлөмүнөн 7 эсеге көп.

Казакстанда 8 күн, 6 шамал жана 3 гидроэлектростанциясын салуу көздөлүп жатат. Эки жылдын ичинде Алматы, Түркестан, Жамбыл, Кызылордо облустарында жана Чымкентке жакын аймакта кубаттуулугу 200 мегаваттык күн электр станцияларынын курулушу башталат. Үч жылдын ичинде жалпы кубаттуулугу 400 МВт шамал станциясы Акмола, Алматы, Жамбыл, Чыгыш Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарында пайда болот. Ал эми суу электрстанцияларынын курулушу республиканын түштүгүндө жүргүзүлөт.

АНАТОЛИЙ ШКАРУПА, КР ЭНЕРГЕТИКА ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Казакстанда ишке ашырыла турган бардык долбоорлор үчүн эң маанилүү талап – жабдыктар заманбап технологияга ылайык болуусу керек. Эгер жабдык нормативдик мезгилге чейин жетпесе, бардык жоопкерчилик инвестордун мойнунда болот.

Альтернативалык энергия булактарынын аукциону Казакстандагы кайра жанма энергия булактарына болгон суроо-талаптар көрүнүктүү ашып түшкөнүн көрсөттү. Аукционго коюлган мегаватттар бардык инвесторлор үчүн жеткиликсиз болду. Бир жыл ичинде жалпы кубаттуулугу 857 мегаваттык 36 долбоор тандалган. Өтүнмөлөрдүн жалпы көлөмү болжол менен 3 жарым миңге жетти, бул суроо-талаптарга караганда 4 эсе көп. Серепчилердин пикиринде, мындай атак-даңк Казакстандын жакшы күн шооласы, ушундай долбоорлорду ишке ашыруунун жөнөкөй жараяндары менен түшүндүрүлөт. Белгилей кетсек, долбоорлор Казакстанга – 70 миллиард теңге киреше алып келет, бул салынган инвестициялардын жалпы натыйжасы.