Бауырсак – меймандостуктун символу

Бауырсак – көчмөн элге таандык меймандостуктун символу. Тамактын бул түрү Казакстан, Кыргызстан, Монголия өлкөлөрүндө, ошондой эле, тажик, өзбек, татар жана башкыр элдеринин арасында өтө белгилүү. Ундан жасала турган салттуу тамак майрамдык дасторкондун көркүн ачып, кооздук тартуулайт.

ЖАНАТ ИБРАГИМОВА, ҮЙ КОЖЕЙКЕСИ:

- Бауырсак бүткүл казак элинин жакшы көргөн улуттук тамактарынын бир түрү. Себеби, үйгө конок келгенде дасторконго бауырсак коюлат. Конокко барган үйдө сөзсүз түрдө бауырсак болот. Бул тамактын аталышы дө өзгөчө. Ал “баурмасу, баурласуга” деген сөздөн келип чыгат. “Баур” сөзү бир тууган, биримдик, туугандык дегенди билдирет. Эң сонун аталыш берилген. Балдарыбыз, неберелерибиз да, баарыбыз баурысакты жакшы көрөбүз.

Бауырсакты борбор азиялык беляш деп атоого да болот. Ал көбүнчө ачытылган же ачытылбаган камырдан жасалат. Бауырсактын тегерек жана төрт бурчтуу формалары бар. Адатта аны даярдоо үчүн суу, сүт, туз, ачыткы жана ун гана керек. Ошентсе да, ар ким өз табитине жараша май, кант, жумуртка, айран кошуп да даярдашат. Бауырсак майда түсү кызыл болгонго чейин куурулат.

ЖАНАТ ИБРАГИМОВА, ҮЙ КОЖЕЙКЕСИ:

- Бауырсакты ар ким ар кандай даярдайт. Ар бир кожейкенин өзүнө тиешелүү рецеби бар. Мен кайненемден үйрөнгөн ыкма менен даярдайм. Камырга койдун майын кошом. Мындай камыр жакшы көтөрүлөт жана бауырсактардын даамы да өзгөчө болот. Менин дагы бир сырым бар. Даяр камырды муздаткычта тоңдурам.  Мисалы, капысынан коноктор келип калса, менин камырым даяр. Бир нече мүнөттүн ичинде ысык бауырсактар дасторкондо даяр болот.

Бауырсак көптөгөн элдин сүйүктүү тамагына айланган. Аны даярдоо боюнча ашпозчулардын арасында жарыштар байма-бай өтүп турат. Айтмакчы, салмагы 179 килограмм болгон бауырсак Орусияда даярдалган. Ал эми, өткөн жылы Чымкентте тамактын бул түрүн даярдоодон жаңы рекорд коюлган. Ал жердеги ашпозчулар 1136 килограмм бауырсак жасап, казакстандык Гиннесс рекорддор китебине кирген. Буга чейин рекорд Алматы шаарында катталган. Ал жерде салмагы  856 кллограмм бауырсак бышырылган.