Казакстан глютенсиз өнүмдөрдү чыгарат

Макарон, ботко, таттуу токочтор жана беш бармак үчүн камырлар. Мунун баары глютенсиз тамак өнүмдөрү. Казак айыл чарба өндүрүштөрүн кайра иштетүү илимий–изилдөө институтунун адистери бүткүл өлкө боюнча жүгөрү, күрүч жана таруу, ошондой эле зыгырдан глютенсиз ун жана кондитердик тамактарды даярдоонун ыкмасын ойлоп табышты. Глютенсиз тамак -  целиакия менен ооруган адамдардын толук кандуу жана коопсуз тамактануусун камсыз кылуу үчүн керек.

ОЛЬГА ПОЛУБОТЬКО, ДОЛБООР ЖЕТЕКЧИСИ, БАШКЫ ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕР:

- Целиакия дегенибиз глютенди көтөрө албагандык. Ал дандуу өсүмдүктөрдө кездеше турган белок. Мындан сактануунун бир гана жолу – курамында глютени жок тамактарды пайдалануу. Кээ бир үй-бүлөлөрдө 4 бейтап баладан болот. Ошентсе да, өлкөбүздө мындай өндүрүштөр чыгарылбайт, чет өлкөдөн гана импорттолот. Ал эми, ал товарлардын баасы адаттагыдан 10-12 эсе кымбат.

Бүгүнкү күндө глютенсиз өндүрүштөр Италия, Орусия, Польша жана АКШдан алып келинет. Ал тамак-аштарды сатып алууга ар биринин чамасы келе бербейт. Ата мекендик окумуштуулар чет өлкөлүк өндүрүштөрдөн сапаты, баасы боюнча кем калбаган жеке өндүрүш чыгарууга кызыктар.  

ДАРИГАШ ШАЙМЕРДЕНОВА, ИНСТИТУТТУН ИЛИМИЙ КАТЧЫСЫ:

- Азыркы тапта биздин рынокто глютенсиз өндүрүштөр бар. Бирок, алардын баары чет өлкөдөн алып келинет. Орточо баасын айта турган болсок, глютенсиз ундун 1 килограммы 4 миң теңгеге чейин барат. Ал эми, печеньенин 200 граммы 2500 теңге турат. Аларга  караганда өзүбүздүн чийки заттан алынган өндүрүштөр 10 эсе арзан болот деп айтсам туура болот.

Окумуштуулар глютенсиз өндүрүш өндүрүү технологиясын 3 жыл ичинде бышыктап, жолго салууну көздөп жатышат. Алардын айтымында, эгер изилдөө иштери ийгиликтүү аяктаса, ата мекендик товарлар 2020-жылы дүкөндөрдүн текчелерине коюлат.