Билим тармагындагы эл аралык стандарт

Жаңа үлгүдөгү мектептер. 21-кылымда окуу жараянын кандай уюштуруу керектигин бир нече өлкөнүн серепчилери биргеликте талкуулашты. Астанада жаңы технологиялар кылымындагы мугалимдин ролуна арналган илимий конференция өттү. Чогулгандардын айтымында, педагог жаңы ыкмалардын маанилүүлүгүн түшүнүп, аларды окуу жараянына киргизүү маанилүү. Булуттуу сактагычтар, чоң маалыматтар, жасалма интеллект. Ушунун баары азыркы тапта кадрларды даярдоо ишин кандай багытта өнүктүрүү керектигин чечип жатат. Демек, мектептин дубалдарынан баштап окуучулар өздөрүнүн келечек кесиптерине керектүү билимди алышы абзел. Мындай ыкманы биринчилерден болуп Назарбаев интеллектуалдык мектебинин кызматкерлери колго алышты. Жаңы үлгүдөгү мектептер желеси өлкөнүн бардык аймактарында ачылган. Быйыл Назарбаев интеллектуалдык мектептери 10 жылдыгын белгилеп жатышат.

КҮЛАШ ШАМШИДНОВА, «НАЗАРБАЕВ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕКТЕБИНИН» БАШАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАЙЫМЫ:

- Азыркы убакта жумушка орношоордогу адиске коюлган талаптар өзгөрдү. Мектеп бүтүрүүчүлөр калыптанып, өмүрдөгү багыттар аныктала турган жай. Ошондуктан балага келечекте керектүү болбогон нерселерди үйрөтүүдөн алыс болушубуз керек. Биздин билим тармагына багыттаган күчүбүз менен инвестициябыз келечекте акталабы деген суроо пайда болот. Бул суроого убакыт келгенде жооп беребиз.

СЬЮЗАН РОБЕРТСОН,  КЭМБРИДЖ  УНИВЕРСИТЕТИНИН БИЛИМ ФАКУЛЬТЕТИНИН ДЕКАНЫ:

- Менин оюм боюнча, азыркы окуучулардын башкы касиети – тез үйрөнө билишинде. Өткөн жылдардын маалыматы менен билимине гана ишенбестен, келечектеги өзгөрүүлөргө даяр болууларында. Креативдүү болуу керек, өзгөрүүлөргө ыңгайлаша билүү жөндүү. Бул азыркы окуучулардын колунан келет.