Кунтуган Токтыбай уулунун жаркын элесине арналган эл аралык бүркүтчүлөр турнири өттү

Акмола облусунда Кунтуган Токтыбай уулунун жаркын элесине арналган эл аралык бүркүтчүлөр турнири өттү. Бул жолу аталган мелдеш 4-жолу өтүп жатат. Мыкты бүркүтчү наамына 30 катышуучу ат салышты.

РАХАТ ЖАКСЫБАЙ, КР УЛУТТУК СПОРТ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Сынакты биз эл аралык деп атап койсок да болот. Себеби, Монголиядан келген команда бар. Ошондой эле биз өзгөртүүлөрдү киргиздик.  Биринчиден куштун учуу мезгилине жана кайтуусуна жалпы стандарт киргизилди. Экинчиден, куш коёнго же түлкүгө дароо чабуул жасабаса, упай саналбайт.

Мелдештин алгачкы күнү бүркүттү, карчыганы, ителгини колго чакыруу жана бүркүттү эркин учуруу, таптоо жарыштары өттү. Финалга өткөн 10 катышуучу бүркүттү коёнго салышты. Жамбыл облусунун намысын коргоп келген 19 жаштагы Бакдаулет Бабажан бүркүт салуу боюнча каршылаштарына мүмкүнчүлүк бербей, үч жыл катары менен жеңишти өз куржунуна салып келет.

БАКДАУЛЕТ БАБАЖАН , МЕЛДЕШТИН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Кушум 3 жашта. Аты – Коңырдолы. Казакстандын бир нече жолку чемпиону. Бул Алатаунун кушу.

Белгилей кетсек, Казакстанда 60ка жакын кесипкөй бүркүтчү бар. Алар ата-бабадан келе жаткан каада-салтты сактап, кийинки муунга өткөрүүгө аракет кылып келишет.