«Бабалардын изи менен» илимий экспедициясынын Украинага саякаты уланууда

«Бабалардын изи менен» илимий экспедициясынын Украинага саякаты уланууда. Изилдөөчү топ Харьков облусуна барып, тарыхый жерлерди кыдырышты. Бул «Змиевы валы» деп аталган коргон. Батыштан Чыгышка карай созулуп жаткан курулуш – азыркы Украинадагы байыркы доор эстеликтеринин бири. Туристтер аны Улуу Кытай чеби менен да салыштырып жатышат. Бул жерде 12-13-кылымдарда Батыш Дешти Кыпчак менен Киев Рустун ортосунда чек ара болгон.

ТАТЬЯНА КРУПА,  АРХЕОЛОГ:

- Бул Украина эли үчүн өтө маанилүү. Чеп отурукташкан эл менен Түрк каганатын бөлүп турган. Мен аны Түрк каганаты деп шарттуу түрдө айтып жатам. Печенегдер жана Кыпчак мамлекетин бириктиргенде Дешти Кыпчак деген кооз ат пайда болот.

Ал кезде кыпчактар менен Русь ортосунда карым-катнаш оор болгон. Бирок, Орус чиндүүлөрү менен кыпчак хандары бири-бирине кыз берип, өз ара байланышты бекемдеген. Ушундай жагдайда эки цивилизацияны бириктирген жаңы шаарлар пайда болгон. Алардын бири – Донецк шаарчасы. Байыркы жылнаамаларга ишенсек, анын алдында кыпчактардын борбору жайгашкан.

МИХАИЛ САЯНЫЙ, ЗМИЕВСК ЧӨЛКӨМ ТААНУУ МУЗЕЙИНИН МҮДҮРҮ:

- «Игорь полку тууралуу сөздө» кыпчактар салган шаарлар тууралуу да айтылган. Бул - Шарукань, Сугров жана Балынь шаарлары. Алардын кайда жайгашканын так айта албайбыз. Тилекке каршы, тиешелүү археологиялык казуу иштери жүргүзүлгөн эмес.

Тарыхы бай байыркы шаарлардын бири – Үзим шаары. Ал азыркы Харьковдон 120 чакырым алыстыкта жайгашкан. Тарыхчылардын айтымында, мурда бул жерде кыпчак чеби болгон.

САПАР ЫСКАКОВ, «БАБАЛАРДЫН ИЗИ МЕНЕН» ЭКСПЕДИЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Харьков шаарынан 120 чакырым алыстыктагы Үзим шаары биз үчүн кымбат. Анткени бул багытта биздин бабаларыбыз 200 жылдай турушкан. Ушул багытта Харьковдун жанында 3 шаар салынган.

Экспедиция мүчөлөрү аттана турган кийинки облус – Запорож. Изилдөөчүлөр белгилүү Чингуль коргонун кыдырууну да көздөп жатышат.