Семейде Шакарим Кудайберди уулунун 8 китеби жарыкка чыкты

Семейде улуттун жүзү Шакарим Кудайберди уулунун 160 жылдыгына карата анын 8 китеби жарыкка чыкты. Алар казак адабиятынын  алтын фондуна кирет жана өлкөнүн тарыхый мурасы саналат. Алардын арасында 1911-1912-жылдары түзүлгөн «Мусулмандардын китеби», «Казак айнасы» жана башка чыгармалар бар. Мындан башка жазуучунун бир катар ыр-дастандары менен философиялык эмгектери жаңы мукабада чыкты. Бул эмгектердин өзгөчөлүгү, мурунку түп нускаларынан факсимилдик көчүрмөсү катары берилип жатат. Китептердин чыгарылышына Шакарим атындагы Семей мамлекеттик Университетинин окумуштуулары көп салым кошушкан.

ЕРЛАН СЫДЫКОВ, КАЗАКСТАН ИЛИМ АКАДЕМИЯСЫНЫН АКАДЕМИГИ:

- Шакаримдин жашоодогу негизги максаты – адам баласын бактылуу кылуу болчу. Айрыкча, казак коомуна теңдик тартуулагысы келчү. Тилекке каршы көзү тирүүсүндө бул максатка жете алган жок. Бирок, бүгүнкү заман Шакаримге бакыт тартууламак. Көз карандысыздыгыбыздын аркасында Шакаримдин жасап кеткен баалуулуктарынын баары колубузга тийди. Мына ушуларды келечекте жаштарга, калктын, өлкөнүн керегине пайдалана билүү азыркы окумуштуулардын милдети.