Казакстан-Түштүк Корея: Илимий кызматташтык

Казакстан менен Корея илим тармагындагы өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө кызыктар. Тараптар илимий-техникалык маалыматтын улуттук системасын биргеликте түзүүнү көздөп жатышат. Бул тууралуу Сеулда өткөн эл аралык технологиялык форумда айтылды. Түштүк Корея – илим жана ноу-хауга бөлө турган каржы боюнча дүйнөдө көч башында турган өлкөлөрдүн бири. Бул максатка Корея өлкөсү Ички дүң өнүмдүн 4,3% же 73 миллиард доллардан ашуун каражат жумшайт. Ал эми, Казакстанда ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, илимий изилдөөлөр жана иштеп чыгуулардын өнүгүшүнө Ички дүң өнүмдөн болгону 0,2% бөлөт. Бул болжол менен 718 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат. Бирок, Президенттин элге Кайрылуусунда бул тармакка да түрткү берилип, өзгөрүү киргизүү көздөлүүдө. Мамлекет башчысы өкмөткө алдыдагы беш жылда агартуу, илим жана саламаттыкты сактоо тармактарына бөлүнө турган каржыны Ички дүң өнүмдүн 10 пайызына чейин көбөйтүү тууралуу тапшырма жүктөгөн.

ОЛЖАС РАЕВ, ТҮШТҮК КОРЕЯДАГЫ КАЗАКСТАН ЭЛЧИЛИГИНИН ИНВЕСТИЦИЯЛАР БОЮНЧА АТАЙЫН КЕҢЕШЧИСИ:

- Азыр бизде жаңы план бар. Жакында Казакстан Президенти элге Кайрылуусунда агартуу, илим жана саламаттыкты сактоо тармактарына бөлүнө турган каржыны ички дүң өнүмдүн 10 пайызына чейин жеткирүү милдетин өкмөткө койгон.

ЧОЙ ХИ ЮН, КОРЕЯНЫН ИЛИМИЙ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛЫК МААЛЫМАТ ИНСТИТУТУНУН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Жыл сайын институтубуз сүйлөшүүлөрдү өткөрө турган жана Корея менен чет өлкөдө илимий изилдөөлөр тууралуу маалымат менен тааныштыра турган аянттарды түзүп келет. Быйыл Коста-Рикада илимий – техникалык маалымат системасын түзүү иши башталды. Ушул үлгү боюнча Казакстан менен кызматташтыгыбызды жигердүү түрдө бекемдейбиз деп үмүттөнөм.