Казакстанда геомейкиндик маалыматтар порталы түзүлөт

Казакстанда геомейкиндик маалыматтар порталы түзүлөт. Аталган платформа географиялык жайлар тууралуу так маалыматтарды берет. Геомейкиндик маалыматтар базасын мамлекеттик структуралар, ишканалар жана чет өлкөлүк инвесторлор колдоно алышат. Порталда объекттердин алган орду жана алардын касиеттери тууралуу маалыматтар камтылат. Колдонуучулар ал жердеги инфраструктура, жолдор, түтүктөр тууралуу маалыматтарга ээ болушат. Портал 2023-жылы ишке берилет.

ЛЯЙЛЯ САТЫБАЛДИНА, КР АЧМ ЖЕР РЕСУРСТАРЫН БАШКАРУУ КОМИТЕТИНИН БАШКЫ СЕРЕПЧИСИ:

- Колдо бар материалдарыбызда сыр же кызмат формасында пайдалануу үчүн деген белгилери бар. Башкача айтканда, азыркы тапта ал бизнеске, инвесторлорго жеткиликсиз же аларды алуу өтө кыйын. Аны кагаз түрүндө алуу керек. Ал эми, геопортал пайда болсо, ал өзүнө керектүү маалыматты ошол порталдан өзүнө жүктөп ала алат.

Бул долбоор «Санариптик Казакстан» мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашып жатат. Анын аркасында коргоо, коопсуздук, илим, автомобиль, темир жол тармактарын өнүктүрүүгө болот.