«Бабалардын изи менен» экспедициясы Киевте

Казакстандык окумуштуулар кыпчак доорундагы уникалдуу музыкалык аспапты кайра жаңыртууга киришишти. «Бабалардын изи менен» экспедициясы кереметтүү кобызга окшош байыркы аспапты көз менен көрүп, терең изилдөө үчүн Киев шаарына барышты. Ыкылым замандын куралы 80-жылдары Днепрдин сол жээгиндеги казуу иштеринин кезинде табылган. Окумуштуулар бул аспап биздин доорубуздун 13-кылымында пайда болгон дешет. Ошентсе да, ал абдан жакшы сакталган. Табылган экспонат азыркы Украина аймагында өмүр сүргөн кыпчактар тарыхын изилдөөгө кенен жол ачты.

ЯКОВ ГЕРШКОВИЧ, УКРАИНА УИА ТАРЫХ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ:

- Дешти-кыпчак талаасын мекендеген элдер тууралуу жазма-оозеки эпикалык ырлар жана тарыхый маалыматтар көп. Тектеш Евразиянын жүрөгүндөгү талаалык аймакта музыка маданияты менен ыр-күү аспаптары жакшы өнүккөн. Ал эми, бул табылган аспап тарыхый- эпикалык ырларда тартылган доорунун так белгиси деп айта алабыз.

Украина археологдору бүгүнкү күндө кыпчак ырларына тиешелүү бир нече бейитти ачты. Тигак ханга тиешелүү көрүстөндөгү  казуу иштери убагында баалуу буюмдар табылды. Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы бейитте кооздук буюмдар, курал-жарак, кымбат идиш-аяк жана кийим–кече сыяктуу сейрек кездешкен буюмдар көп чыкты.

САПАР ЫСКАКОВ, ЭКСПЕДИЦИЯ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Тигак хан эң мыкты дене түзүлүштө болгон. Анын боюнун узундугу 1 метр 82 сантиметрди түзгөн. Ал чыныгы баатыр болгон. Ал кымбат кийим менен жерге берилген. Бул анын жогорку даражалуу адам экенинен кабар берет. Анын үстүндөгү кафтанына караганда ал алтын жиптер менен кооздолуп тигилген. Ал убактарда мындай кафтандарды Византиянын падышалары гана кийишкен.

ВИТАЛИЙ ОТРОЩЕНКО, УКРАИНА УИА ТАРЫХ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ:

- Бул шакекти карасаңыз. Аны курга тагышкан. Шыңкөл ханында алтын жасалгалуу күмүш жалатылган үч кур болгон. Аны немис чеберлери жасаган. Белгиленген күнү - Рейн-Маас облусу, 13-кылымдын  орто чени деп турат.

«Бабалардын изи менен» экспедициясын алдыда көп жаңылыктар күтүп турат. Илимий топтун жетекчисинин айтымында, кийинки багыт Украинанын түштүк-чыгыш аймагы болот. Ал жерде Дешти-кыпшак доорунун бай мурасы менен таасирдүү окуяларынан кабар берген тарыхый эстеликтер сакталган.