Казакстанга келген туристтердин саны 4 миллиондон ашты

Казакстанда чогулган ушул табигый байлыктары менен тарыхый комплекстерди көрүү үчүн келгендердин саны жыл сайын өсүүдө. Быйыл Казакстанга ат тизгинин бурган чет өлкөлүктөрдүн саны 4 миллиондон ашты. Өсүш – 22 пайыз. Негизинен Индия, Малайзия, Польша, Бириккен Араб Эмирликтери менен Түштүк Корея жашоочулары саякат үчүн Казакстанды тандай башташты. Жакынкы чет өлкөлүктөрдөн келе тургандар да аз эмес. Өзбекстандыктар алардын катарында.

- Түркестанга Өзбекстандан келдик. Негизи Казакстанга байма-бай келип турабыз. Укаша ата мазарына бардык. Ахмет Яссауи комплексин да көрдүк. Абдан жакты.

- Биз буга чейин Чымкентте болдук. Түркестанды да кыдырып жетиштик. Арыстанбаб комплексине барабыз деген оюбуз бар. Жалпы Казакстанга 5 күнгө келдик. Сапар биз үчүн каражат жагынан өтө пайдалуу. Бат-бат келип тура алабыз.

Түркестан шаарынан 60 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Отырар шаарчасы да туристтерди кызыктырбай койбойт. Арыстанбаб мазары да алыс эмес. Уламыш боюнча  Кожа Ахмет Яссауи комплексине келбестен, алгач анын руханий устаты Арыстанбабдын комплексине барып келиши керек. Мындан кийин гана туристтер Кожа Ахмет Яссауи комплексине келишет.

МИХАИЛ ДИКАНЬ,  КР ЭМГЕК СИҢИРГЕН ТУРИЗМ НУСКООЧУСУ:

- Ахмет Яссауи комплексинин диаметри Борбор Азиядагы комплекстердин ичиндеги эң чоңу. Ал Хива, Бухара жана Самарканддагы комплекстерден алда канча чоң. Ошондой эле, бул комплекс ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурасынын тизмесине кирген Казакстандагы алгачкы объект.

РАШИД КҮЗЕМБАЕВ, «KAZAKH TOURISM» УК» АК УЛУТТУК КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Биз экологиялык, этнотуризм жана окуялык туризмди өнүктүрүүгө маани беребиз. Өлкөбүзгө келе тургандарды айрыкча ушул багыттар  кызыктырууда. Мындан башка, Астана жана Алматы сыяктуу шаарлар жана MICE туризм борбору боло алат.

Ушул айдын аягына чейин «Kazakhstan travel» улуттук порталы ишке кошулат. Ал 6 тилде маалымат берет. Порталга «Улуу талаа өлкөсүнө саякат» экспедициясынын негизинде жыйналган сүрөттөр менен видео материалдар кирет.