«Хабар» Агенттиги MIPCOM көргөзмөсүндө кандай долбоорлорду сунуштады?

«Хабар» Агенттиги MIPCOM көргөзмөсүндө кандай долбоорлорду  сунуштады?

Эл аралык ТВ-продакшндын алтын кылымы уланууда. Канн шаарында бүткүл дүйнөлүк медиакомпанияларды чогулткан санариптик жана аудиовизуалдык контенттин көргөзмөсү өтүп жатат. Аталган иш-чарага 110 өлкөдөн 20 миңден ашуун катышуучу чогулду. Жыл сайын  медиа өндүрүш рыногундагы атаандаштык өсүп жатат жана ошол эле учурда контенттин сапаты да жакшырууда. Ушул жылдагы көргөзмөдө ТВ-контенттин өндүрүшү жасалма интеллект менен ишке ашырылып жаткан Кытайдын иши жогору бааланды.

ШОН КОЭН, A+E NETWORKS АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Бул жылдагы дагы бир кызыктуу тренддердин бири контенти болду. Менин оюмча, алдыдагы бир канча жылдын ичинде бул тренд жетилип, көрүүчүлөргө сыналгы аркылуу саякаттого мүмкүнчүлүк түзөт.

Эскерте кетсек, бул көргөзмөдө «Хабар» агенттиги да телесериалдар, даректүү тасмалар, Казакстан тууралуу тартылган туристтик долбоорлор сыяктуу медиа өндүрүштөрдү сунуштады. Кээ бир долбоорлорду «Хабар»  «Discovery» - менен биргеликте даярдашкан. Жакында «Discovery Atlas» жана «How It’s Made»  чыгармалары көрүүчүлөргө тартууланат.