MIPCOM: «Хабар» Агенттигинин долбоорлору

MIPCOM: «Хабар» Агенттигинин долбоорлору

«Хабар» Агенттиги эл аралык деңгээлге чыгат. Телекомпания Канн шаарында өтүп жаткан MIPCOM аудио визуалдык контент көргөзмөсүндө телесериалдар, даректүү тасмалар, Казакстан тууралуу тартылган туристтик долбоорлор сыяктуу өздүк теле өндүрүштөрүн сунуштайт. Бул дүйнө жүзү боюнча программалар, тасма өндүрүүчүлөрүнүн башын бириктире турган эл аралык аянт. Көргөзмөдө «Хабар» «Discovery» - «Discovery Atlas» жана «How It’s Made» менен биргеликте жасалган эки долбоорду көрсөттү. Анын бири – ар түрдүү өлкөлөрдүн маданият жана салттарын чагылдырган көркөм тасмалардын циклы. Ошондой эле, өндүрүштүн технологиялык жараянын толук ача турган даректүү сериал.

АЙКУМЫС СЕКСЕМБАЕВА, «ХАБАР» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН ПРОГРАММАЛЫК МҮДҮРҮ:

- MIPCOM көргөзмөсүндө өзүбүздүн сериал өндүрүштөрүбүздү сунуштайбыз. Жылына комедия, мелодрама, детектив сыяктуу ар түрдүү жанрларда 10-12 телесериал тартабыз. Биздин жаңы долбоорлорубуздун бири «Баатырлар жолу» сериалы. Бул кийинки жылы көрүүчүлөргө көрсөтүлө турган тарыхый драма. Жаңы тасма 12 эпизоддон түзүлгөн. MIPCOM катышуучуларына Казакстан, Борбор Азия тууралуу тарых, тарыхый драммалар абдан кызыктуу экенин байкадык.

АННА ШАЙТЗАХ, КМШ БОЮНЧА «DISCOVERY»нин АГА МЕНЕДЖЕРИ / ОРУСИЯ:

- Discovery Atlas Kazakhstan бул 4К жана HD форматында чыга турган бир сааттык программа. Аны көргөн адам бир сааттын ичинде Казакстандын бардык аймагын аралап чыккандай таасир калтырат. Жогорку сапатта тартылган видеотасмалар Казакстандын көпчүлүккө белгисиз кооз жерлери менен тааныштырат. «Бул кандай жасалган – Казакстан» долбоору ар бири 30 мүнөттүк 10 эпизоддон турган сериал. Ал Казакстанда гана жасалган өндүрүштөр тууралуу терең баяндап берет.

MIPCOM көргөзмөсүн жыл сайын он миңден ашуун адис көрөрүн белгилей кетүү керек. Салттуу иш–чара телекомпания өндүрүштөрүнүн рыноктук аянтын кеңейтип, тармактык жаңылыктардан кабардар кыла турган эл аралык аянтка айланды.