Казакстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү

Казакстан дүйнөлүк туристтик индустриянын өсүш түйүнүнө айланууда. Акыркы кездерде өлкөгө келип жаткан туристтердин агымы өсүп жатат. Аларды салттуу багыттарга караганда, эл биле элек жерлер кызыктырат. Мисалы, америкалык ишкер Дэвид Валера ушул жай мезгилинде Казакстанга тур уюштурду. Жапония, Испания менен АКШдан чогулган 38 турист биринчи жолу Улуу талаа өлкөсүнө келишти.

ДЭВИД ВАЛЕРА, КАЗАКСТАНГА САПАРЛАРДЫ УЮШТУРУУЧУ:

- Казакстанда көрүүгө татыктуу жайлар арбын. Сиздердин өлкөгө алып барган конокторум ал жактан жакшы таасир алып кайтышканына ыраазымын. Казакстан өкмөтү өлкөгө туристтерди тартуу үчүн көп аракеттерди жасап жатканын билем. Ошентсе да, бул өлкөңөр үчүн жаңы тармак болгондуктан, өз каржысын жумшап, сиздердин республикага америкалыктарды алып келип жүргөн мен сыяктуу ишкерлерге көңүл буруп, алар менен тыгыз иш алып барышыңар керек деп ойлойм.

Чет өлкөлүк коноктор калктын каада-салттары менен таанышышты. Айрыкча, аларды шаарлардан алыс жайгашкан конуштардагы жашоо, тарыхый жайлар менен аймактын кооз табияты абдан кызыктырды. Туристтер айыл мектептеринде жана тойлордо болуп кайтышты.

ДЭВИД ВАЛЕРА, КАЗАКСТАНГА САПАРЛАРДЫ УЮШТУРУУЧУ:

- Биз Катон – Карагай, Бурабай, Астана, Алматы, Мерке, Чымкент, Өскемен, Түркестанды кыдырдык. Аталган жерлердин бардыгы ажайып тарыхы менен арбап алды. Алгачкы мүнөттөрдөн тарта өлкөңөрдөгү маданий өзгөчөлүккө болгон кызыгуу ойгонот.

Дэвид Валеранын Казакстан тууралуу ар дайым айтып жүргөнүн баары жакшы билет. Кайда жүрсө да аталган өлкөнү мактап, өзүн казак деп атайт. Жакынкы арада Дэвид Валера дагы да Казакстанга багыт алуу үчүн туристтер тобун топтоп жүрөт. Казакстанды экинчи үйү деп санаган Дэвид түз авиа каттамдын ачылышын кыялданат.