Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съезди: Серепчилердин пикири

Казакстан тынчтык жана келишим, туруктуулук жана коопсуздук идеяларын жигердүү түрдө ишке ашырып жатат. Эгемендүүлүк алгандан бери республика тынчтыкты куруу багытындагы демилгелерди көтөрүп, ядролук куралсыздандыруу жана аны таратпоо идеяларды жайылтып келет. Өлкө өзүнүн эл аралык терроризмге каршы туруу жана талаш маселелерди чечүү багытындагы сунуштары менен белгилүү. Жалпылап айтканда, Казакстандын дүйнөгө тынчтык тууралуу айта турганы бар.

КАЙРАТ АЙБЕК УУЛУ,  НУР-МУБАРАК ЕГИПЕТ ИСЛАМ МАДАНИЯТ УНИВЕРСИТЕТИНИН ДИН ТААНУУ КАФЕДРАСЫНЫН ПРОФЕССОРУ:

– Казакстандын тышкы саясаты заманбап дүйнөдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө жана жол-жоболоштурууга багытталган. Бул Сирияга, Борбор Азиядагы коопсуздук маселесине, Ооганстанга тиешелүү маселелер. Дал ошондуктан Казакстан тынчтыкты курууга багытталган саясаттын борбору боло алды деп ойлойм.

Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездин өткөрүү демилгеси да Казакстандын Президентине тиешелүү. Ар кайсы диндердин өкүлдөрү  дүйнөлүк терроризм менен күрөшүү демилгелерин колдошот. Ошондой эле толерантуулук жана бири-бирин сыйлоо маданиятын өнүктүрүү керектигин айтышат. Катышуучулардын айтымында, Съезд - бул дүйнөлүк диний лидерлердин жолугушуп, замандын чакырыктарына туруштук бере турган тарыхый окуя.

АЛИ РАШИД АЛЬ-НУАЙМИ, ДҮЙНӨЛҮК МУСУЛМАН ЖАМААТ КЕҢЕШИНИН БАШЧЫСЫ:

- Дүйнөлүк лидерлердин сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнү жакшы. Бул жөн эле диалог эмес, биз бул демилгелердин жана программалардын жыйынтыгын көрүп жатабыз. Бул ар кайсы динди карманган адамдарды тынчтыкка, сабырдуулукка жана биримдикке чакырууга өбөлгө болот.

ЕПИСКОП РИЧАРД АТКИНСОН, АНГЛИС ЧИРКӨӨСҮНҮН ӨКҮЛҮ:

- Казакстан – өз иш-аракеттери менен дүйнөдөгү тынчтыкты курууга, дин аралык диалогду бекемдөөгө салым кошуп келе жаткан өлкөлөрдүн бири. Казакстан башка өлкөлөргө үлгү боло алат.

МИТРОПОЛИТ ВОЛОКОЛАМСКИЙ ИЛАРИОН, МОСКВА ОРУС ПРАВОСЛАВДЫК ЧИРКӨӨСҮНҮН ТЫШКЫ ЧИРКӨӨЛҮК МАМИЛЕЛЕР БӨЛҮМҮНҮН ӨКҮЛҮ:

- Дин сүйүүгө, мээримдүүлүккө, сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, тынчтыкка чакырып, зордук-зомбулук, өлтүрүү жана таш боордуктан кайтарат. Террористтер диний кийимдерди кийип алганы менен алар шайтан кызматын аткарышат. Диний жамааттардын алдында оор милдет турат. Биз динчил адамдарды, айрыкча жаштарды радикалдардан коргоп калышыбыз керек.

Серепчилер, съезддин жыйынтыгы дүйнөлүк коомчулук үчүн керек болоруна ишенишет. 3 жылдан кийин өтө турган диний лидерлердин жолугушуусуна чейин дүйнө жакшы жакка өзгөрөт.