Кайра жанма энергия булактар долбоорлору аукциондо

Кайра жанма энергия булактар долбоорлору аукциондо

Казакстанда кайра жанма энергия булактары долбоорлорунун алгачкы эл аралык аукциондук сатуусу өтөт. Ал бугу айынын 23ү менен кулжа айынын 7и аралыгында уюштурулат. Аукционго атамекендик эле эмес, чет өлкөлүк компаниялар да катыша алат, дейт Энергетика министрлигинин өкүлдөрү. Аукционго катышуу үчүн онлайн каттоодон өтүп, негиздөөчүлүк документтер менен төлөм кудуреттүлүгүн ырастаган документтерди өткөрүү зарыл. Сатууга 1 миң МегаВатт коюлат. Аталган энергетиканын жарымынан көбүн шамал станциялары өндүргөн. Калганы күн, гидроэнергетика жана биогаз түзмөктөрүнөн алынып жатат. Тийиштүү өкүлдөрдүн айтымында, аукцион жөнөкөй форматта өтөт. Башкы артыкчылык – адамдардын катышуусуз, онлайн режиминде эң арзан сунуштарды аныктоо процесси. Бир соода сессиясынын узактыгы 3 саат чамасында болот.

Айнур СОСПАНОВА, КР ЭМ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Менин оюмча Казакстандагы аукциондук система - биринчиден, өлкөдөгү  кайра жанма энергетиканын таза жана эффективдүү наркын аныктоого мүмкүндүк берет. Биздеги күн, шамал энергиясын колдонуу, кайра жанма энергия баасына өз таасирин тийгизет. Быйылкы пилоттук жылда долбоорлорду адилеттүү тандап, ири эл аралык компанияларды тартуу каралып жатат. Ошондуктан аукционду өткөзүү керектүү учурда колго алынган иш-чара деп ойлойм.

Белгилей кетсек, Казакстандагы аукцион ыкмасы кайра жанма энергия булактарына болушунча адилеттүү бааны аныктоого мүмүндүк берет. Электр энергиясын сатып алууга арналган 15 жылдык келишим-шартка тарифтин эң төмөн баасын сунуштаган катышуучу ээ болот. Өткөн жылы кабыл алынган мыйзамдын негизинде ушундай жаңылыктарды киргизүүгө мүмкүн болуп калды. Серепчилер бул өзгөртүүлөр альтернативдүү энергетика багытындагы инвестициянын санын арттырат деген ишенимде.