Казакстанда мыйзам долбоорлорун коомдук талкуулоо ыкмалары кеңейтилет

Казакстанда мыйзам долбоорлорун коомдук талкуулоо ыкмалары кеңейтилет

Казакстанда өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизиле турган мыйзамдар коомдук талкууга коюлат. Мажилистин депутаттары мыйзам долбоорлорун коомдук талкуулоону караган документти биринчи окууда жактырышты. Юстиция министри Марат Бекетаевдин айтымында, мыйзам долбоору коомдук мааниси бар мыйзамдар боюнча калктын маалымдуулугун камсыз кылат. Бул үчүн кабыл алынган мыйзам долбоору милдеттүү түрдө  интернет порталына жайгаштырылат. Жаңы мыйзам долбоору аркылуу   «Элдин үнүн уккан мамлекет» концепциясына ылайык мыйзам чыгаруу кызматынын жаңы баскычтарын киргизүү көздөлүп жатат.

 

Фото: edelvin.com.ua


×