«G-global. XXI кылым дүйнөсү» эл аралык конгресси башталды

«G-global. XXI кылым дүйнөсү» эл аралык конгресси башталды

«G-Global. XXI кылым дүйнөсү»  эл аралык конгресси онлайн форматта башталды. Анын ишине экс-президенттер, эл аралык каржы уюмдарынын жетекчилери, белгилүү талдоочулар, Нобель сыйлыгынын лауреаттары катышат. Конгресстин алкагында 7 иш-чара өткөрүлөт. Биринчи онлайн-форум блокчейн технологияларына арналган. Адистер белгилегендей, тутумдун негизги артыкчылыктары - борбордон ажыратуу жана иш-аракеттердин ачык-айкындуулугу. Атап айтканда, форумда «Бир алкак - бир жол» демилгесинин алкагында технологияларды колдонуу маселеси талкууланды. Бул долбоор Жибек Жолун жандандыруу, Евразия өлкөлөрүнүн интеграциясы жана кызматташтыгы үчүн иштелип чыккан. Ага 70 жакын өлкө катышууда. Серепчилер алардын инфраструктурасын сактап калуу үчүн санариптик банк жана Евразиялык криптовалюта фондулук биржасын түзүүнү сунушташууда.

 

Фото: dmastana.kz


×