Qazaq TV каналынын камтуу аймагы кеңейди

Qazaq TV каналынын камтуу аймагы кеңейди. Дүйнөнүн 118 өлкөсүнө маалымат таратып, 300 миллион көрөрманы бар телеканалды эми Түркмөнстандын жашоочулары да көрө алышат. Бул тууралуу Казакстандын Маалымат жана коомдук өнүгүү министри Аида Балаева билдирди. «Түркмөнстанда жашаган мекендештерибиз үчүн сонун жаңылык, эми алар өз жериндеги окуялардан кабардар болуп, жаңылыктар менен программаларды өз эне тилинде көрө алышат. Бул кадам чет жактагы мекендештерибиз менен маданий жана социалдык байланышты чыңдоого жардам берери анык», - дейт министр. Белгилей кетсек, «Хабар» маалымат агенттигине кирген «Хабар 24» телеканалы да Түркмөнстанда маалымат таратат.


×