Казакстан суу жолдору менен транзит көлөмүн арттырат

Казакстан суу жолдору менен транзит көлөмүн арттырат

Казакстан 2025-жылга чейин Орусиянын ички суу жолдору менен транзиттик ташуу көлөмүн жылына 300 миң тоннага жеткирет. Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнүн ортосунда жүк ташуу үчүн бирдиктүү укуктук талаа түзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Өлкө Сенаты тиешелүү мыйзамды кабыл алды. Документте тараптардын порттук кызматына тең шарттарды түзүү жана экипаж мүчөлөрүнүн документтерин өз ара таануу каралган. Бул биринчи кезекте көзөмөлдөөчү органдардын жүк кемелерин текшерүү жараяндарын жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет. Мурда үчтөн 6 айга чейин созулган уруксат алуу жараяны эми 10 күнгө чейин кыскарат. Аны менен катар, Казакстандын Транскаспий эл аралык транспорт багытынын өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Биримдикке мүчө эмес өлкөлөр Каспийден Кара деңизге жүктөрдү ташуу үчүн Казакстандык ташуучуларга таянышат. Себеби, Орусиянын ички суу жолдору аркылуу казакстандык компаниялардын жеңилдетилген тартип менен өткөрүү мүмкүнчүлүгү болот. Ушул эле нерсе дарыя транспортуна дагы тиешелүү.

БЕРИК КАМАЛИЕВ, РКНЫН ИНДУСТРИЯ ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Бул жатта келишим кабыл алынгандан кийин казакстандык ташуучулар дарыя ташууларын Иртыш бассейни чегинде гана эмес, Обь дарыясы менен Ханты-Мансийск округуна чейин чыгууга мүмкүндүк алат. Ошондой эле Атырау, Астрахань жана Волгоград порттору ортосундагы эки тараптуу ташууларды жаңыртуу маселеси да каралууда. 2025-жылга карата "Нурлы Жол" программасынын алкагында дарыялардагы ташуулардын көлөмүн 3,8 миллион тоннага жеткирүүнү пландап жатабыз.

 

Фото: eadaily.com


×