К. Токаев Түндүк экономикалык кызматташтык боюнча эл аралык форумда сөз сүйлөдү

К. Токаев Түндүк экономикалык кызматташтык боюнча эл аралык форумда сөз сүйлөдү

COVID-19дан кийинки глобалдык өзгөрүштөр Сеулда Түндүк экономикалык кызматташтык боюнча эл аралык форумдун негизи темасы болду. Иш-чарада Касым-Жомарт Токаев сөз сүйлөдү. Казакстан Президенти дүйнө коронавирус пандемиясына туш болуп турган учурда саясий эрк менен экономикалык аң-сезимдин синергиясы өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи. Мамлекет бшчысы өз сөзүндө Казакстан-Корея мамилелерине дагы токтолду. Казакстан Президенти 2019-жылдын чын куран айында Мун Чжэ Индин өлкөгө жасаган тарыхый иш сапары эки тараптуу өз ара кызматташуунун жаңы деңгээлин ачты деп эсептейт. Сапардын жүрүшүндө кол коюлган «Самал жел»  программасы казак-корей экономикалык, соода жана маданий ар-тараптуу байланыштарын жандандырууга багытталган. Мамлекет башчысы Англис мыйзамдарына негизделген «Астана» эл аралык каржы борборунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтты.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ. КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Кореянын Казакстан экономикасына салган инвестициясы 7 миллиард доллардан ашты. Дүйнөлүк туруксуздукка карабастан эки тараптуу соода алмашуу көбөйдү. Борбордук Азиядагы бардык беш өлкөнүн жалпы ички дүң өнүмүнүн 70% Казакстанга туура келет. Корея мамлекети эң ири инвесторлордун арасында 10-орунда турат. Ошол эле учурда, өз ара пайдалуу кызматташтыктын мындан ары улантуунун дале пайдаланылбай жаткан чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Буга байланыштуу мен Жаңы экономикалык багыттын демилгечиси болдум. Бул багыт түзүмдүк реформалар менен гана эмес, ошондой эле эң динамикалуу жана күчтүү мамлекетти түзүү менен байланыштуу. Казакстан кореялык инвесторлор үчүн атайын иштелип чыккан шаймандарды берүүгө даяр. Ошол эле учурда, салык жана бажы жеңилдиктери, долбоорлорду биргелешип каржылоо, экспортту колдоонун жарым-жартылай кепилдиктер менен механизмдерин айтууга болот.

 

Фото: akorda.kz


×