Н. Нигматулин: Алдыдагы шайлоо саясий партиялардын программаларын тааныштырууга мүмкүнчүлүк берет

Парламенттик шайлоо демократияны бекемдөөгө, социалдык кызматташтыкты чыңдоого жана өлкөнүн өнүгүүсүнө жаңы дем берет. Мындай пикирин Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулин алдыдагы шайлоого байланыштуу билдирди. Бул жатта ал өлкөдө көз карандысыздык жылдарында ар кандай деңгээлдеги шайлоо учурунда казакстандыктар ар дайым саясий жогорку маданиятты көрсөтүп келе жатканын белгиледи.  Аны менен катар, Парламенттин кийинки чакырылышы жумушун баштаганга чейин учурдагы депутаттык корпус өлкөнү андан ары өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн мыйзамдык базаны түзүүнү уланта берерин айтты.

НУРЛАН НИГМАТУЛИН, КАЗАКСТАНДЫН ПАРЛАМЕНТ МАЖИЛИСИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Албетте, парламенттик шайлоо - бул биздин өлкө жана элибиз үчүн өтө маанилүү саясий кадам. Анткени парламенттик шайлоо - бул өлкөдөгү бардык саясий партиялар үчүн өз программаларын сунуштап, элдин ишенимине ээ болууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан алдыдагы шайлоолор демократиянын бекемделишине, социалдык кызматташтыкты күчөтүүгө жана өлкөнүн өнүгүшүнө түрткү берет деп ишенебиз.

 

Фото: 24.kz


×