Кыргызстандын Президенти отставкага кетти

Кыргызстандын Президенти отставкага кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ал президенттин расмий сайтындагы элге кайрылуусунда билдирди. Сооронбай Жээнбеков жаңы Өкмөттү кечээ Жогорку Кеңеш бекитип, ага кол койгонун белгилеп, өлкөдөгү оор саясий кырдаалды чече албагандыгына токтолду. Мындан ары абалды курчутуп, митингчилер менен укук коргоо органдарынын ортосундагы кагылышууну күчөтүп, кан төгүүгө жеткирбөө үчүн ушундай  чечимге келгенин билдирди.   

«Урматтуу мекендеш, мен үчүн Кыргызстандагы тынчтык, өлкөбүздүн бүтүндүгү жана коомдогу тынчтык баарынан жогору турат», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Президентинин басма сөз кызматы анын отставкага кетүүдөн баш тартканын билдирген.


Фото: like.kg


×