Сенат алдында Жаш серепчилер клубу түзүлдү

Азыркы өзгөрүлүп жаткан дүйнөгө тез көнүп, мамлекеттик жана коомдук маселелерди чечүүдө стандарттуу эмес ыкмаларды колдонуу. Ушундай сапатка ээ адистер Сенатта чогулду - Парламенттин жогорку палатасынын алдында Жаш серепчилер клубу түзүлдү. Анын курамында мамлекеттик башкаруу, экономика, каржы, социалдык колдоо, сот-укуктук реформасы, билим берүү, саламаттык сактоо жана санариптештирүү жаатындагы 30 ашуун адис бар. Серепчилер клубдун кийинки отурумдарында коомдук-саясий, экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүнүн жаңы жолдорун издешет жана жаңы идеялар менен бөлүшүшөт.

ОЛЖАС ТӨЛЕУОВ, КАЗАКСТАНДЫН ПАРЛАМЕНТИ СЕНАТЫНЫН АЛДЫНДАГЫ ЖАШ СЕРЕПЧИЛЕР КЛУБУНУН МҮЧӨСҮ, КАЗАКСТАНДЫН УЛУТТУК БАНК ТӨРАГАСЫНЫН КЕҢЕШЧИСИ:

- Сенат алдында клубдун түзүлгөнү жакшы иш болду деп ойлойм. Анткени мыйзамды кабыл алуу жана талкуулоо жараянына көптөгөн жаш адистер тартылган. Менин оюмча, негизги максат - ачык баарлашуу. Адистер мыйзам кабыл алууда серепчилердин пикири менен эсептеше алышат.

 

Фото: senate.parlam.kz


×