Ереванда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары жолугушат

Ереванда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары жолугушат

Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөт башчылары Армениянын борборунда тогуздун айынын 9 жолугушат. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында тараптар коронавирустун кесепеттери менен күрөшүү чараларын талкуулоого ниеттенүүдө. Евразиялык Экономикалык Комиссия Коллегиясынын төрагасынын жардамчысы Ия Малкинанын айтымында, инфекция жайылганына карабастан биримдикте азык-түлүк коопсуздугу боюнча абал туруктуу. Быйылкы жылдын 8 айында Уюм боюнча айыл чарба өнүмдөрүнүн көлөмү 4,6% өстү. 2021-жылга чейин биримдик өзүн-өзү азык-түлүк менен 97% камсыздайт деп күтүлүүдө.

ИЯ МАЛКИНА, ЕЭК КОЛЛЕГИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ЖАРДАМЧЫСЫ:

- Негизги темалар Биримдиктин ичиндеги санитардык-эпидемиологиялык кырдаал жана жүргүнчүлөрдүн агымын калыбына келтирүү маселелери болот. Бардык өлкөлөр менен жарандар конкреттүү чечимдерди күтүп жатат, бул өтө маанилүү. Тараптар мамилелерди калыбына келтирүү шарттары боюнча өз ара бир пикирге келишет деп ишенебиз.

 

Фото: en.kabar.kg