ПЧР-тести жок эки чет элдик жаран Казакстандан депортацияланды

ПЧР-тести жок эки чет элдик жаран Казакстандан депортацияланды

Казакстанга келген эки чет элдик жаран COVID-19 вирусуна каршы кошумча чектөөчү чаралардын талаптарын аткарбаганы үчүн депортацияланды. Бул тууралуу борбор калаанын аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, коронавируска чалдыкпагандыгы тууралуу аныктамасы жок 123 казакстандык карантиндик госпиталга жайгаштырылды. Эске салсак, жаңы эрежелерге ылайык, эл аралык рейстердеги бардык жүргүнчүлөрдө COVID-19 илдетине чалдыкпаганын тастыктаган тест болушу керек. Бүгүн таң эрте Нур-Султандын аэропорту чет өлкөдөн беш жүздөн ашуун жүргүнчүнү кабыл алды.

ЗАРИНА БУЕНБАЕВА, НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ ЭЛ АРАЛЫК АЭРОПОРТУНУН РАСМИЙ ӨКҮЛҮ:

- Түркия жана Беларустан келген эки жаран депортацияланды. Анткени жүргүнчүлөрдүн биринин ПЧР-тест анализинин мөөнөтү эскирген. Экинчи жүргүнчүнүн экспресс-тест аныктамасы гана болгон. Ал эми жүргүнчүлөр РКнын чек арасынан өтүү учурунда 72 сааттан кеч эмес убакытта ПЧР-тесттен өткөндүгү жөнүндө аныктаманы көрсөтүшү керек.

 

Фото: esquire.kz