Казакстандын ТИМ башчысы БУУнун аянтчасында глобалдык коопсуздук маселелери боюнча сөз сүйлөдү

Казакстандын ТИМ башчысы БУУнун аянтчасында глобалдык коопсуздук маселелери боюнча сөз сүйлөдү

Коронавирусту жана башка глобалдык чакырыктарды жеңүүдө эл аралык коомчулуктун көп тараптуу аракеттеринин ролу. Бул маселе «Horasis» көз карандысыз талдоо борборунун жогорку деңгээлдеги видео конференциясында талкууланды. Бириккен Улуттар Уюмунун 75 жылдыгына арналган иш-чарага Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди катышты.

Катышуучулар БУУ бул жараянды координациялоодо алдыңкы ролду ойношу керек деген бүтүмгө келишти. Президент Касым-Жомарт Токаев БУУнун 75-сессиясынын жалпы саясий талкууларында белгилегендей, уюм коронавирустун кесепеттерин жоюу, экономиканын калыбына келүүсүн тездетүү жана глобалдык башкарууну жакшыртуу боюнча эл аралык күч-аракеттерди жумшоо керек.

Форумда «Horasis Visions»  ассоциациясынын улук мүчөлөрү чогулуп, 20 ашуун пленардык отурум жана панелдик талкуу болду. Иш-чарада БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш дагы сөз сүйлөдү. Белгилей кетүүчү жагдай, Horasis борбору 2005-жылы кызматташтык жана билим алмашуу, айрыкча өнүккөн өлкөлөр менен өнүгүп келе жаткан базарлардын ортосунда жаңы аянтчаларды түзүү аркылуу туруктуу келечектин максаттарына жетүү үчүн түзүлгөн.

 

Фото: kazpravda.kz


×