Казакстандан жөнөтүлгөн гуманитардык жардам Ооганстанга жеткирилди

Казакстандан жөнөтүлгөн гуманитардык жардам Ооганстанга жеткирилди

Селден жабыркаган ооганстандык тургундарга Казакстандан жөнөтүлгөн гуманитардык жардамды тапшыруу аземи Кабул шаарында өттү. Казакстандын жардамын аталган өлкөдөгү элчи Алимхан Есенгелдиев өткөрүп берди. Ун, макарон, күн карама майы жана коюлтулган сүттөн турган тамак-аш азыктары жардамга муктаж 5 миңден ашуун үй-бүлөгө берилет, деп билдирет Тышкы иштер министрлиги.

Иш-чарага катышкан Кабул провинциясынын губернатору Мухаммад Якуб Хайдари жана АИР Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин төрагасы Гулам Бахауддин Жилани Ооган өкмөтүнүн жана элинин атынан оор мезгилде көрсөтүлгөн жардам жана колдоо үчүн ыраазычылык билдиришти.

Өз кезегинде элчи Казакстандын Ооганстан менен достук мамилесин белгиледи. Ошондой эле өлкө мындай оор кырдаалда аймак мамлекеттерине, анын ичинде Ооганстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатканын атап өттү.

Белгилей кетсек, Казакстандын гуманитардык жардамы Ооганстандын табигый кырсыкка кабылган 8 провинциясында таратылды. Кабулдан тышкары азык-түлүк Балх, Парван, Панджшер, Логар, Вардак, Баглан жана Саманган провинцияларында таратылып берилди.

 

Фото: ult.kz