Казакстан АӨИЧК төрагалыгын кабыл алды

Казакстан АӨИЧК төрагалыгын кабыл алды

Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмесине төрагалык кылуу Тажикстан Республикасынан Казакстан Республикасына өткөрүлүп берилди. Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди 2020-2022-жылдары уюмга төрагалык кылуу мезгилинде Казакстандын көз-караштары жана артыкчылыктары менен тааныштырды. Министрдин айтымында, негизги артыкчылыктардын бири Кеңешти мындан ары институтташтыруу болот. Бул өз кезегинде ага мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле эл аралык аренада Форумдун макамын көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин 2019-жылдын кулжа айында Дүйшөмбү шаарында өткөн саммиттин жүрүшүндө АӨИЧК Акылмандар кеңешин, АӨИЧК фондун түзүү жана АӨИЧК аналитикалык борборлорунун форумун туруктуу диалог аянтчасы катары кайрадан калыптандыруу боюнча  демилгелерин жайылтуу мерчемделүүдө.

Министр Казакстандын төрагалыгы учурунда АӨИЧКнын Ишеним чаралары каталогунун иш жүзүндө жүзөгө ашырылышы, ошондой эле форумдарды жана башка регионалдык уюмдар менен тышкы байланыштарды кеңейтүү иштери күчөтүлө тургандыгын атап өттү.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө тышкы саясий мекемелердин башчылары АӨИЧК Катчылыгынын Аткаруучу мүдүрүнүн кызмат ордуна Казакстан Республикасынын Австриядагы Элчиси Кайрат Сарыбайдын талапкерлигин бир добуштан жактырышты.

Мындан тышкары, катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери эл аралык жана регионалдык күн тартибинин бир катар актуалдуу маселелери, анын ичинде кызматташтык жана коронавирус эпидемиясы шартындагы АӨИЧК мүчө мамлекеттеринин келечеги боюнча конструктивдүү пикир алмашышты.

Катышуучулар Кеңешменин алкагындагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн жана Казакстандын Форумга төрагалык кылуу мезгилинде Азиядагы тынчтык, коопсуздук жана гүлдөп-өнүгүү үчүн кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигин белгилешти.

 

Фото: inform.kz