«Нур Отан» праймеризине 11 миңге жакын талапкер катталды

«Нур Отан» праймеризине 11 миңге жакын талапкер катталды

Баш оона айынын 17-28-күндөрү аралыгында праймеризге каттоонун жыйынтыгы боюнча 10 миң 990 адам катталды. Бул тууралуу «Kazakh TV» телеканаланын кабарчысына Нур-Султан шаарынын «Нур Отан» партиясынын «Бирлик» аймактык бөлүмүнүн төрагасынын биринчи орун басары Чыңгызхан Кожахметов билдирди.

«Праймериз түшүнүгү өнүгүп келе жаткан бардык өлкөлөргө мүнөздүү. Жөнөкөй сөз менен айтканда, партиядагы жигердүү, өз күчүн сынап көргүсү келген, эл арасында кадыр-баркка ээ болгон жарандарды тандоо. Негизинен бул партия ичиндеги тандоо мурунку жылдарда, мурунку шайлоолордо болгон. Бирок ал пилоттук режимде болчу. Быйыл ал республикалык деңгээлде партиянын бардык мүчөлөрүнүн арасында өткөрүлдү», - деди Чыңгызхан Кожахметов.

Партия өкүлүнүн айтымында, быйылкы праймеризге 11 миңге жакын талапкер катышып жатат. Алардын 37 пайызы аялдар, 20-30 пайызы 35 жашка чейинки жаштар жана өзүн өзү көрсөткөндөрдүн саны 7900. Праймериз учурунда партиялык каттоодон өткөндөрдүн саны мурунку жылдарга салыштырмалуу көбөйгөндүгүн белгилей кетүү керек.

«Ал эми муктаждык жөнүндө айта турган болсок, бул биринчи адамдар үчүн сүйлөй алган, эл менен иштеше алган жана ошол маселелерди көтөрүп, конкреттүү иш алып барууну каалаган жарандарды тандоо. Праймериз башталган кезде жаңыдан партияга кирген жарандардын саны да көбөйдү», - деп кошумчалады партия өкүлү.

Борбор калаа боюнча 403 адам арыз берген. Бирок андан кийин 10 чакты адам арызын кайтарып алды. Эң жогорку атаандаштык Нур-Султан шаарында. Башкача айтканда, бир орунга 18 адам талапкер болгон.

«Жалпы праймеризге талапкер болуп катталган адамдар Мажилиске да, маслихатка да тандалып алынат. Бул жерде рейтингдик система жүргүзүлөт. Эң көп добуш алган жарандар Мажилиске, ал эми экинчиси маслихаттагы орундарга жараша тандалып алынат», - деди Чынгызхан Кожахметов.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө праймериздин үчүнчү этабы, башкача айтканда, дебат этабы өткөрүлүп жатат. Дебатка күн сайын 10 адамдан турган 3 топ катышат. Дебат эки жумага созулат.

 

Фото: kt.kz