ЕБ Борбордук Азиядагы беш мамлекеттин чек арасын бекемдөөгө жардам берет

ЕБ Борбордук Азиядагы беш мамлекеттин чек арасын бекемдөөгө жардам берет

Европа Биримдиги Борбордук Азиядагы беш мамлекеттин чек арасын бекемдөө үчүн болжол менен 22 миллион евро жумшоону көздөп жатат. Бул каражат жакынкы беш жылга атайын программаны ишке ашырууга бөлүнөт. Ага Ооганстан дагы катышат. Долбоордун максаты - аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданы кеңейтүү үчүн натыйжалуу чек ара тутумун түзүү. Андан тышкары профсоюз башчыларынын айтымында, бул региондогу кырдаалды турукташтырат. Каражаттын бир бөлүгү Ооганстандагы чек ара бекеттерин техникалык жактан жабдуу, адистерди окутуу, адамдардын жана жүк ташууларды көзөмөлдөөчү натыйжалуу тутумду түзүүгө жумшалат.

«Биздин негизги максатыбыз - Борбордук Азиядагы чек ара кызматтарынын дараметин жогорулатуу. Эсептешүүлөр толук көлөмдө жүргүзүлүп, өз ара соода ачык болушу керек. Ушундай жол менен биз мыйзамсыз сооданын алдын алып, Ооганстанды да соодага кошо алабыз. Бул региондогу бардык өлкөлөргө пайда алып келет», - дейт Евробиримдиктин Кыргызстандагы кызматташтык боюнча бөлүм башчысы Шарлотт Эдриэн.

Евробиримдик Борбордук Азиядагы коопсуздук, бажы, фитосанитардык жана чек ара кызматтары менен кызматташууну улантууга кызыктар.

Белгилей кетсек, Европа Биримдиги программасынын дагы бир маанилүү багыты - чек арачыларды окутуу. Тактап айтканда, бажы кызматкерлери үчүн жогорку окуу жайларында окутуу программаларын киргизет. Мисалы, аль-Фараби атындагы Казак Улуттук Университети Дүйнөлүк Бажы Уюму тарабынан сертификат алган Борбордук Азиядагы бирден-бир университет. Бажы иши адистиги боюнча аталган университеттин диплому менен Европада да иштөөгө болот.

 

Фото: 24.kz