Парламент Мажилиси Президенттин Кайрылуусунун негизинде бир нече мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизет

Парламент Мажилиси Президенттин Кайрылуусунун негизинде бир нече мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизет

Мажилис Мамлекет башчысынын Кайрылуусун мыйзамдык камсыз кылууга киришти. Бул тууралуу жалпы жыйында Палатанын төрагасы Нурлан Нигматулин билдирди.

«Мамлекет башчы Касым-Жомарт Кемелович Токаев өзүнүн Кайрылуусунда өз убагында өнүгүү үчүн негизги багыттарды жана тайманбас кадамдарды көрсөтүп берди. Ал өлкөнүн бардык тармактарына арналган. Ошондуктан аталган демилгелерди сапаттуу мыйзамдар менен камсыз кылуу депутаттык корпустун негизги милдети болуп саналат», - деди Нурлан Нигматулин.

Биринчи кезекте Мажилистин Төрагасы жыл аягына чейин мамлекеттик кызмат системасын  кайра жаңыртуу үчүн мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгиледи. Ал «Өнөр жай саясаты жөнүндө» Мыйзамдын маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду. Экономикалык өсүштү калыбына келтирүү боюнча мыйзам долбоорунун алкагында Президенттин жаңы стратегиялык инвестициялык келишимди киргизүү демилгесин мыйзамдык жактан колдоонун актуалдуулугуна токтолду.

«Жыл аягына чейин Өкмөткө квазимамлекеттик сектордун бардык сатып алууларын камтыган бирдиктүү мыйзам иштеп чыгуу тапшырылды. Бул маселе депутаттар тарабынан бир нече жолу көтөрүлгөн. Ошондой эле, Президент Өкмөткө жана Атамекен Улуттук палатасына Салык кодексин жана мыйзам алдындагы актыларды кайра карап чыгуу боюнча тапшырма койду», - деди Нурлан Нигматулин.

Учурдагы мыйзамдардын катарында Экологиялык кодекстин долбоору дагы бар. Буга байланыштуу Мажилистин төрагасы Казакстандын улуттук парктарын жана башка жаратылыш байлыктарын мыйзамдуу коргоонун зарылдыгын белгилеп, бул жааттагы мыйзам бузуулар үчүн кылмыш жана административдик жазаларды катаалдаштыруу зарылдыгын белгиледи.

«Мындан тышкары, Мажилисте каралып жаткан Коомдук кеңештер жөнүндө мыйзам долбоору ушул жылдын аягына чейин кабыл алынышы керек. Президенттин Коомдук көзөмөл жөнүндө, маалыматка ээ болуу жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу тапшырмасы да актуалдуу. Биздин алдыбызда көптөгөн масштабдуу жумуштар турат. Негизги багыт - Президенттин тапшырмаларын ишке ашырууну мыйзамдык жактан камсыз кылуу», - дейт Нурлан Нигматулин.

 

Фото: azh.kz


×