Казакстан менен Израиль саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыктар

Казакстан менен Израиль саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыктар

Израилдик уникалдуу технологиянын негизинде Казакстанда вирустук жана бактерияга каршы көп жолу колдонула турган беткаптар өндүрүшүн ишке кошуу. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул маселе Казакстандын Израилдеги элчиси Сатыбалды Буршаков менен белгилүү фармацевтикалык компаниянын негиздөөчүсү Шей Херсковичтин жолугушуусунда талкууланды.

«Көп жолу колдонула турган SonoMask вируска каршы беткаптары коронавирустун жайылышын токтотууга жардам берүүчү бактерияларды, вирустарды өлтүрүүчү нано-цинк оксидинин бөлүкчөлөрү менен капталган. Бул беткаптар коронавирустун жайылышын токтотууга жардам берет», - деп айтылат мекеменин кабарламасында.

Саламаттык сактоо жаатында казак-израиль кызматташтыгын кеңейтүү максатында, ошондой эле, коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен иш-аракеттердин алкагында ата мекендик дипломаттар Израилдин фармацевтикалык компаниясынын башкы мүдүрү Сниро Зано менен да жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Казакстанда COVID-19 илдетин тестирлөө үчүн стационардык лабораторияларды ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

«Белгилүү израилдик компания залалдуу шишик жана жугуштуу оорулар менен ооругандарды диагноздоочу жана дарылоочу медициналык технологияларга адистештирилген. Израилдин Саламаттык сактоо жана Коргоо министрлиги менен биргелешип компания суткасына 12000 тест жүргүзүүгө мүмкүндүгү бар  COVID-19 үчүн  6 талдоо лабораториясын курду», - деп кабарлайт РК ТИМ басма сөз кызматы.

Израилдин башка да медициналык компаниялары казакстандык кесиптештери менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыктар. Өлкөнүн дипломаттары Израилдин дагы бир фармацевтикалык заводуна сапары учурунда башкарма төрагасы Амир Левин казак дипломаттары дары-дармектердин жаңы желесин жасоо боюнча биргелешкен ишкана түзүү үчүн Казакстан менен кызматташууга кызыктар экендигин билдирди.

 

Фото: 24.kz


×