Казакстандык дарыгерлер Ливан тургундарына кандай жардам көрсөтүп жатат?

Казакстандык дарыгерлер Ливан тургундарына кандай жардам көрсөтүп жатат?

Ливанда Казакстандын атайын аскердик-медициналык бөлүмү иш алып барууда. Жергиликтүү адистер Бейрут, Боуар, Машгара жана Сайда шаарларынын медициналык мекемелериндеги бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүшөт, деп маалымдайт Казакстандын Коргоо министрлиги.

Алгачкы жумуш күнүнөн тартып казакстандык дарыгерлер жүздөгөн Ливандын жаранына медициналык жардам көрсөтүштү. Атап айтканда, алар хирургиялык, травматологиялык жана терапевттик бейтаптарды дарылоого тартылды. Ошондой эле, жандандыруу жана анестезиология бөлүмдөрүнүн ишине, эндопротездөө сыяктуу жогорку технологиялык кызматтарды кошо алганда, операциялык жараяндарды жүргүзүүгө жигердүү катышууда. Медициналык жардамга кайрылган жарандардын арасында аммиак селитрасынын детонациясы натыйжасында жарылуу толкунунан жабыр тарткандар да бар. Буга кошумча, аскерий дарыгерлер амбулаториялык бейтаптарга жардам көрсөтүү жана кабыл алуу боюнча медициналык пунктун ишин уюштурду.

«Мен Ливандын түштүгүндөгү Бейрутта жашайм. Ушул оор мезгилде менин элиме жана балдарыма жардам бергени үчүн Казакстандын жетекчилигине жана аскердик дарыгерлерге ыраазычылык билдиргим келет. Ливанга кош келиңиз!», - деди бейтаптардын бири Фади Эхри.

Казакстандык дарыгерлердин иши өлкөдөгү эпидемиялык кырдаалды эске алып, катуу санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен уюштурулган деп айтылат министрликтин маалыматында.

 

Фото: sputniknews.kz